Quran Apps in many lanuages:

Surah Yunus Ayahs #45 Translated in Kyrgyz

وَإِنْ كَذَّبُوكَ فَقُلْ لِي عَمَلِي وَلَكُمْ عَمَلُكُمْ ۖ أَنْتُمْ بَرِيئُونَ مِمَّا أَعْمَلُ وَأَنَا بَرِيءٌ مِمَّا تَعْمَلُونَ
Эгер сени “жалганчы” дешсе (көңүл бурбай, даават ишиңди уланта бер, жана) аларга айт: “Менин ишим - өзүмө, силердин ишиңер - өзүңөргө. Менин иштериме силер жооп бербейсиңер, силердин ишиңерге мен жоопкер эмесмин”
وَمِنْهُمْ مَنْ يَسْتَمِعُونَ إِلَيْكَ ۚ أَفَأَنْتَ تُسْمِعُ الصُّمَّ وَلَوْ كَانُوا لَا يَعْقِلُونَ
Алардын арасынан кээ бирөөлөрү сага кулак салышат. Сен дүлөйлөргө кантип угузмак элең, (өздөрү) акылдарын иштетпей жатышса
وَمِنْهُمْ مَنْ يَنْظُرُ إِلَيْكَ ۚ أَفَأَنْتَ تَهْدِي الْعُمْيَ وَلَوْ كَانُوا لَا يُبْصِرُونَ
Алардан дагы бирөөлөрү сени(н аракетиңе сынтагып) тиктеп турушат. Эгер (акыл көзү менен) көрө алышпаса, сен сокур адамды кантип Туура Жолго баштамаксың
إِنَّ اللَّهَ لَا يَظْلِمُ النَّاسَ شَيْئًا وَلَٰكِنَّ النَّاسَ أَنْفُسَهُمْ يَظْلِمُونَ
Аллаһ адамдарга эч зулумдук кылбайт. Бирок, адамдар өздөрүнө-өздөрү зулумдук кылып алышат
وَيَوْمَ يَحْشُرُهُمْ كَأَنْ لَمْ يَلْبَثُوا إِلَّا سَاعَةً مِنَ النَّهَارِ يَتَعَارَفُونَ بَيْنَهُمْ ۚ قَدْ خَسِرَ الَّذِينَ كَذَّبُوا بِلِقَاءِ اللَّهِ وَمَا كَانُوا مُهْتَدِينَ
Ал (Аллаһ) адамдарды чогулткан (Кыямат) Күндө, алар (бул дүйнөдө) күндүздүн бир саатын гана (жашап) тургандай болушат. Бири-бирлерин таанып турушат. (Ошондо) Аллаһка жолугууну “жалган” дегендер зыян тартып калышат. (Анткени,) алар Туура Жолго түшкөн эмес

Choose other languages: