Quran Apps in many lanuages:

Surah Yunus Ayahs #27 Translated in Kyrgyz

فَلَمَّا أَنْجَاهُمْ إِذَا هُمْ يَبْغُونَ فِي الْأَرْضِ بِغَيْرِ الْحَقِّ ۗ يَا أَيُّهَا النَّاسُ إِنَّمَا بَغْيُكُمْ عَلَىٰ أَنْفُسِكُمْ ۖ مَتَاعَ الْحَيَاةِ الدُّنْيَا ۖ ثُمَّ إِلَيْنَا مَرْجِعُكُمْ فَنُنَبِّئُكُمْ بِمَا كُنْتُمْ تَعْمَلُونَ
(Аллаһ) аларды куткарып койгондон кийин болсо, жер бетинде акыйкатсыздык менен (Аллаһтын жалгыз Өзүнө сыйынбай) зулумдук кылышат. О, адамдар! Силердин зулумуңар өзүңөргө гана зыян. (Силер) дүйнө жашоосунун пайдаларын гана (үмүт кыласыңар) кийин (Кыяматта) Өзүбүзгө кайтарыласыңар жана Биз силерге кылган ишиңердин кабарын билдиребиз
إِنَّمَا مَثَلُ الْحَيَاةِ الدُّنْيَا كَمَاءٍ أَنْزَلْنَاهُ مِنَ السَّمَاءِ فَاخْتَلَطَ بِهِ نَبَاتُ الْأَرْضِ مِمَّا يَأْكُلُ النَّاسُ وَالْأَنْعَامُ حَتَّىٰ إِذَا أَخَذَتِ الْأَرْضُ زُخْرُفَهَا وَازَّيَّنَتْ وَظَنَّ أَهْلُهَا أَنَّهُمْ قَادِرُونَ عَلَيْهَا أَتَاهَا أَمْرُنَا لَيْلًا أَوْ نَهَارًا فَجَعَلْنَاهَا حَصِيدًا كَأَنْ لَمْ تَغْنَ بِالْأَمْسِ ۚ كَذَٰلِكَ نُفَصِّلُ الْآيَاتِ لِقَوْمٍ يَتَفَكَّرُونَ
Чынында, дүйнө жашоосунун (лаззат-кооздуктарынын) мисалы - Биз асмандан түшүргөн сууга (жана ошол суу менен жер кооз болуп калганда бир апаат менен жок болуп калганга) окшош: (оболу) ал суу менен адамдар жана айбандар жей турган жер өсүмдүктөрү аралашып, (суу алардын тамыр-денесине сиңип) жер көркүнө келип, кооздоно жасанганда, жер элдери “Биз жер үстүндө кудуреттүүбүз” деп калышты. (Ошондо гана) түндөсү же күндүзү жерге Биздин буйругубуз (азабыбыз) келип, аны кечээ гана дөөлөттүү болбогон сыяктуу кыйратып койдук! Биз пикирин иштеткен адамдарга аяттарды ушинтип баян кылабыз
وَاللَّهُ يَدْعُو إِلَىٰ دَارِ السَّلَامِ وَيَهْدِي مَنْ يَشَاءُ إِلَىٰ صِرَاطٍ مُسْتَقِيمٍ
(О, инсандар! Силерди) Аллаһ Тынчтык Үйүнө (Бейишке) чакырат жана Өзү каалаган пенделерин Туура Жолго (Исламга) баштайт
لِلَّذِينَ أَحْسَنُوا الْحُسْنَىٰ وَزِيَادَةٌ ۖ وَلَا يَرْهَقُ وُجُوهَهُمْ قَتَرٌ وَلَا ذِلَّةٌ ۚ أُولَٰئِكَ أَصْحَابُ الْجَنَّةِ ۖ هُمْ فِيهَا خَالِدُونَ
(Аллаһка ибадатты) Эң сонун кылган адамдарга эң сонун нерсе (Бейиш) жана ашыкчасы (Аллаһтын Жүзүн көрүү) бар. Алардын жүздөрүнө эч бир чаң, эч бир кордук (белгиси) жукпайт. Алар Бейиш ээлери болуп, анда түбөлүк калышат
وَالَّذِينَ كَسَبُوا السَّيِّئَاتِ جَزَاءُ سَيِّئَةٍ بِمِثْلِهَا وَتَرْهَقُهُمْ ذِلَّةٌ ۖ مَا لَهُمْ مِنَ اللَّهِ مِنْ عَاصِمٍ ۖ كَأَنَّمَا أُغْشِيَتْ وُجُوهُهُمْ قِطَعًا مِنَ اللَّيْلِ مُظْلِمًا ۚ أُولَٰئِكَ أَصْحَابُ النَّارِ ۖ هُمْ فِيهَا خَالِدُونَ
Ал эми, жаман иштерди жасаган адамдар үчүн, өзүндөй жаман жаза (тозок) бар. Аларды кордук ороп алат жана Аллаһ тарабынан эч бир сактоочу болбойт. Алардын жүзү тим эле караңгы түндүн бир бөлүгүнө оролуп алган сыяктуу (болуп калат). Дал ошолор тозок ээлери, анда түбөлүк калышат

Choose other languages: