Quran Apps in many lanuages:

Surah Yunus Ayahs #23 Translated in Kyrgyz

وَمَا كَانَ النَّاسُ إِلَّا أُمَّةً وَاحِدَةً فَاخْتَلَفُوا ۚ وَلَوْلَا كَلِمَةٌ سَبَقَتْ مِنْ رَبِّكَ لَقُضِيَ بَيْنَهُمْ فِيمَا فِيهِ يَخْتَلِفُونَ
(Мурун) адамдардын бардыгы бир динде болушкан. Кийинчерээк (пикирде) чачыранды болуп кетишти.! Эгер Раббиң тарабынан өткөн (каапырларга бул дүйнөдө мөөнөт берүү жөнүндөгү) сөз болбогондо, каршы чыккан иштеринде аларга (кыйратуу менен) өкүм кылынмак
وَيَقُولُونَ لَوْلَا أُنْزِلَ عَلَيْهِ آيَةٌ مِنْ رَبِّهِ ۖ فَقُلْ إِنَّمَا الْغَيْبُ لِلَّهِ فَانْتَظِرُوا إِنِّي مَعَكُمْ مِنَ الْمُنْتَظِرِينَ
(Каапырлар): “Ага Раббиси тарабынан (көзүбүзгө көрүнгөн) бир белги-моожиза түшүрүлбөйт бекен!” дешти. Айткын: “Кайып (илими) жалгыз Аллаһка таандык. (Силер менин акыбетимди) күткүлө, мен да силер менен бирге (силердин акыбет-натыйжаңарды) күтүүчүлөрдөн болоюн
وَإِذَا أَذَقْنَا النَّاسَ رَحْمَةً مِنْ بَعْدِ ضَرَّاءَ مَسَّتْهُمْ إِذَا لَهُمْ مَكْرٌ فِي آيَاتِنَا ۚ قُلِ اللَّهُ أَسْرَعُ مَكْرًا ۚ إِنَّ رُسُلَنَا يَكْتُبُونَ مَا تَمْكُرُونَ
Эгер Биз адамдарга, жеткен (оору, каатчылык сыяктуу) машакат-мүшкүлдөрдүн артынан (ден- соолук, байлык, тынчтык сыяктуу) ырайым-рахмат даамын таттырсак, капыстан Биздин аяттарыбыз жөнүндө амалкөйлүк кылып (баш ийбей) калышат. Айткын: “Аллаһтын амалкөйлүгү тезирээк!” Чынында Биздин (периште-) элчилерибиз силердин айла-амалыңарды жазып турат
هُوَ الَّذِي يُسَيِّرُكُمْ فِي الْبَرِّ وَالْبَحْرِ ۖ حَتَّىٰ إِذَا كُنْتُمْ فِي الْفُلْكِ وَجَرَيْنَ بِهِمْ بِرِيحٍ طَيِّبَةٍ وَفَرِحُوا بِهَا جَاءَتْهَا رِيحٌ عَاصِفٌ وَجَاءَهُمُ الْمَوْجُ مِنْ كُلِّ مَكَانٍ وَظَنُّوا أَنَّهُمْ أُحِيطَ بِهِمْ ۙ دَعَوُا اللَّهَ مُخْلِصِينَ لَهُ الدِّينَ لَئِنْ أَنْجَيْتَنَا مِنْ هَٰذِهِ لَنَكُونَنَّ مِنَ الشَّاكِرِينَ
Ал (Аллаһ) силерди деңизде жана кургактыкта жүргүзгөн. Кайсыл бир убакытта силер деңиз койнунда — кемелерде болгонуңарда, кемелер жагымдуу жел менен аларды сыздырып баратканда жана аны менен сүйүнүп турушканда... (капыстан) аларга... добул шамалдар, ар тарабынан толкундар келип, оролуп калганын сезишкенде... Аллаһка чын ыкыластары менен: “Эгер ушундан куткарсаң шүгүр кылуучулардан болобуз!” - деп дуба кылышат
فَلَمَّا أَنْجَاهُمْ إِذَا هُمْ يَبْغُونَ فِي الْأَرْضِ بِغَيْرِ الْحَقِّ ۗ يَا أَيُّهَا النَّاسُ إِنَّمَا بَغْيُكُمْ عَلَىٰ أَنْفُسِكُمْ ۖ مَتَاعَ الْحَيَاةِ الدُّنْيَا ۖ ثُمَّ إِلَيْنَا مَرْجِعُكُمْ فَنُنَبِّئُكُمْ بِمَا كُنْتُمْ تَعْمَلُونَ
(Аллаһ) аларды куткарып койгондон кийин болсо, жер бетинде акыйкатсыздык менен (Аллаһтын жалгыз Өзүнө сыйынбай) зулумдук кылышат. О, адамдар! Силердин зулумуңар өзүңөргө гана зыян. (Силер) дүйнө жашоосунун пайдаларын гана (үмүт кыласыңар) кийин (Кыяматта) Өзүбүзгө кайтарыласыңар жана Биз силерге кылган ишиңердин кабарын билдиребиз

Choose other languages: