Quran Apps in many lanuages:

Surah Ya-Seen Ayahs #44 Translated in Kyrgyz

لَا الشَّمْسُ يَنْبَغِي لَهَا أَنْ تُدْرِكَ الْقَمَرَ وَلَا اللَّيْلُ سَابِقُ النَّهَارِ ۚ وَكُلٌّ فِي فَلَكٍ يَسْبَحُونَ
Күн (өз айлануусунда) Айга жетиши мүмкүн эмес, түн дагы күндүздөн озуп кете албайт.! Бардыгы асманда сүзүп жүрүшөт
وَآيَةٌ لَهُمْ أَنَّا حَمَلْنَا ذُرِّيَّتَهُمْ فِي الْفُلْكِ الْمَشْحُونِ
Аларга (дагы бир) белги: (Нухтун доорунда) Биз алардын урпактарын (айбандар жана ыймандуу адамдар менен) толтурулган кемеде (топон суунун бетине) көтөрүп койгонубуз
وَخَلَقْنَا لَهُمْ مِنْ مِثْلِهِ مَا يَرْكَبُونَ
Дагы (бир белги) Биз аларга ошол кеме сыяктуу (бирок, башка түрдөгү) мине турган нерселерди жаратып бердик
وَإِنْ نَشَأْ نُغْرِقْهُمْ فَلَا صَرِيخَ لَهُمْ وَلَا هُمْ يُنْقَذُونَ
Эгер кааласак Биз аларды (кеме менен сапарга чыккан араб мушриктерин) чөктүрүп жиберебиз. Кийин аларга эч бир жардамчы болбойт жана куткарылышпайт
إِلَّا رَحْمَةً مِنَّا وَمَتَاعًا إِلَىٰ حِينٍ
(Бирок, качан) Биз тараптан ырайым болсо жана белгилүү убакытка чейин пайдалануулары үчүн куткарылышы мүмкүн

Choose other languages: