Quran Apps in many lanuages:

Surah Ya-Seen Ayahs #17 Translated in Kyrgyz

وَاضْرِبْ لَهُمْ مَثَلًا أَصْحَابَ الْقَرْيَةِ إِذْ جَاءَهَا الْمُرْسَلُونَ
Жана сен аларга (мушриктерге) каапыр шаардын элдерин мисалга тарт: Бир кезде ал шаарга пайгамбарлар келди.”
إِذْ أَرْسَلْنَا إِلَيْهِمُ اثْنَيْنِ فَكَذَّبُوهُمَا فَعَزَّزْنَا بِثَالِثٍ فَقَالُوا إِنَّا إِلَيْكُمْ مُرْسَلُونَ
Биз аларга (элчилерден) экөөсүн жибергенибизде, экөөнү тең «жалганчы» дешти. Анан үчүнчүсү менен кубаттадык. Алар «Чынында, биз силерге жиберилген элчилер болобуз»-дешти
قَالُوا مَا أَنْتُمْ إِلَّا بَشَرٌ مِثْلُنَا وَمَا أَنْزَلَ الرَّحْمَٰنُ مِنْ شَيْءٍ إِنْ أَنْتُمْ إِلَّا تَكْذِبُونَ
(Каапырлар) айтышты: «Силер (элчи) эмес, өзүбүз сыяктуу эле адамсыңар. Рахман (Аллаһ) силерге эч нерсе түшүргөн эмес! Силер жалган сүйлөп жатасыңар!»
قَالُوا رَبُّنَا يَعْلَمُ إِنَّا إِلَيْكُمْ لَمُرْسَلُونَ
Алар айтышты: «Раббибиз билет, биз чындап силерге жиберилген элчилербиз
وَمَا عَلَيْنَا إِلَّا الْبَلَاغُ الْمُبِينُ
Биздин вазыйпабыз (силерге акыйкатты) анык жеткирип коюудан гана турат»

Choose other languages: