Quran Apps in many lanuages:

Surah Ya-Seen Ayahs #16 Translated in Kyrgyz

إِنَّا نَحْنُ نُحْيِي الْمَوْتَىٰ وَنَكْتُبُ مَا قَدَّمُوا وَآثَارَهُمْ ۚ وَكُلَّ شَيْءٍ أَحْصَيْنَاهُ فِي إِمَامٍ مُبِينٍ
Албетте Биз өлүктөрдү (кайрадан) тирилтебиз жана мурда жасаган иштерин, (өзүнөн калган) издерин жазып койобуз. Жана Биз бардык нерсени Анык Китепте! (алдын ала) эсептеп койгонбуз
وَاضْرِبْ لَهُمْ مَثَلًا أَصْحَابَ الْقَرْيَةِ إِذْ جَاءَهَا الْمُرْسَلُونَ
Жана сен аларга (мушриктерге) каапыр шаардын элдерин мисалга тарт: Бир кезде ал шаарга пайгамбарлар келди.”
إِذْ أَرْسَلْنَا إِلَيْهِمُ اثْنَيْنِ فَكَذَّبُوهُمَا فَعَزَّزْنَا بِثَالِثٍ فَقَالُوا إِنَّا إِلَيْكُمْ مُرْسَلُونَ
Биз аларга (элчилерден) экөөсүн жибергенибизде, экөөнү тең «жалганчы» дешти. Анан үчүнчүсү менен кубаттадык. Алар «Чынында, биз силерге жиберилген элчилер болобуз»-дешти
قَالُوا مَا أَنْتُمْ إِلَّا بَشَرٌ مِثْلُنَا وَمَا أَنْزَلَ الرَّحْمَٰنُ مِنْ شَيْءٍ إِنْ أَنْتُمْ إِلَّا تَكْذِبُونَ
(Каапырлар) айтышты: «Силер (элчи) эмес, өзүбүз сыяктуу эле адамсыңар. Рахман (Аллаһ) силерге эч нерсе түшүргөн эмес! Силер жалган сүйлөп жатасыңар!»
قَالُوا رَبُّنَا يَعْلَمُ إِنَّا إِلَيْكُمْ لَمُرْسَلُونَ
Алар айтышты: «Раббибиз билет, биз чындап силерге жиберилген элчилербиз

Choose other languages: