Quran Apps in many lanuages:

Surah Ta-Ha Ayahs #80 Translated in Kyrgyz

جَنَّاتُ عَدْنٍ تَجْرِي مِنْ تَحْتِهَا الْأَنْهَارُ خَالِدِينَ فِيهَا ۚ وَذَٰلِكَ جَزَاءُ مَنْ تَزَكَّىٰ
Түбүнөн дарыялар аккан, анда "Адн" бейиштери бар. Алар анда түбөлүк калышат! Бул (шек жана каапырчылыктан) таза боло алгандардын сыйлыгы!”
وَلَقَدْ أَوْحَيْنَا إِلَىٰ مُوسَىٰ أَنْ أَسْرِ بِعِبَادِي فَاضْرِبْ لَهُمْ طَرِيقًا فِي الْبَحْرِ يَبَسًا لَا تَخَافُ دَرَكًا وَلَا تَخْشَىٰ
Биз Мусага: «Менин пенделеримди түндөсү алып чык жана (таягың менен) уруп, алар үчүн деңизде кургак жол кылып бер. (Фираундун) жетип алуусунан да коркпо, (сууга чөгүүдөн да) кооптонбо» - деп вахий кылдык
فَأَتْبَعَهُمْ فِرْعَوْنُ بِجُنُودِهِ فَغَشِيَهُمْ مِنَ الْيَمِّ مَا غَشِيَهُمْ
Фираун аскерлери менен алардын артынан (деңиз «жолуна») түштү. Деңиз алардан орогонун ороп (жутуп) кетти
وَأَضَلَّ فِرْعَوْنُ قَوْمَهُ وَمَا هَدَىٰ
Фираун элин адаштырган, өзү да адашкан болчу
يَا بَنِي إِسْرَائِيلَ قَدْ أَنْجَيْنَاكُمْ مِنْ عَدُوِّكُمْ وَوَاعَدْنَاكُمْ جَانِبَ الطُّورِ الْأَيْمَنَ وَنَزَّلْنَا عَلَيْكُمُ الْمَنَّ وَالسَّلْوَىٰ
О, Исрайил урпактары! Биз силерди душманыңардан куткардык. Жана (силерге диний-дүйнөлүк нээмат болгон Тоорат китебин берүү үчүн) Тур тоосунун оң тарабын убадалаштык. Силерге асмандан шириндиктер, даяр, бышкан куш эттерин жаадырдык (жана мындай дедик)

Choose other languages: