Quran Apps in many lanuages:

Surah Ta-Ha Ayahs #44 Translated in Kyrgyz

إِذْ تَمْشِي أُخْتُكَ فَتَقُولُ هَلْ أَدُلُّكُمْ عَلَىٰ مَنْ يَكْفُلُهُ ۖ فَرَجَعْنَاكَ إِلَىٰ أُمِّكَ كَيْ تَقَرَّ عَيْنُهَا وَلَا تَحْزَنَ ۚ وَقَتَلْتَ نَفْسًا فَنَجَّيْنَاكَ مِنَ الْغَمِّ وَفَتَنَّاكَ فُتُونًا ۚ فَلَبِثْتَ سِنِينَ فِي أَهْلِ مَدْيَنَ ثُمَّ جِئْتَ عَلَىٰ قَدَرٍ يَا مُوسَىٰ
Анда сенин эжең барып: «Аны кепилге ала турган (эмизе турган) аялга баштап барайынбы?» деди.! Ошентип, кайгырбай, сүйүнүп калышы үчүн Биз сени апаңа кайтардык. Жана (бир кезде, улгайган мезгилиңде) бир жанды өлтүрүп койдуң. Биз сени (ошол) кайгыдан да куткардык. Кийин сенин башыңа көп сыноолорду салдык. Анан Мадян элинде бир нече жылдар туруп калдың. Кийин (Биз белгилеген) тагдыр боюнча (бул жерге) келдиң, оо, Муса
وَاصْطَنَعْتُكَ لِنَفْسِي
Мен сени Өзүмө (пайгамбар кылып) тандадым
اذْهَبْ أَنْتَ وَأَخُوكَ بِآيَاتِي وَلَا تَنِيَا فِي ذِكْرِي
(Эми) сен жана агаң (Харун) экөөң Мен берген (тогуз) моожизаларды алып баргыла. Мени эстөөдө (жана эскертүүдө) алсыздык кылбагыла
اذْهَبَا إِلَىٰ فِرْعَوْنَ إِنَّهُ طَغَىٰ
(Оболу) Фираунга баргыла. Ал чектен чыгып кетти
فَقُولَا لَهُ قَوْلًا لَيِّنًا لَعَلَّهُ يَتَذَكَّرُ أَوْ يَخْشَىٰ
Анан ага (адегенде) сылык-сыпаа сөз айткыла,! (Мени) эсине алса же (Менден) коркуп калса ажеп эмес

Choose other languages: