Quran Apps in many lanuages:

Surah Ta-Ha Ayahs #130 Translated in Kyrgyz

قَالَ كَذَٰلِكَ أَتَتْكَ آيَاتُنَا فَنَسِيتَهَا ۖ وَكَذَٰلِكَ الْيَوْمَ تُنْسَىٰ
(Аллаһ) айтты: «Дал ушул сыяктуу, сага да (дүйнөдө) Биздин аяттар келгенде, (аларды) «унутуп» калгансың. (Көрсөң да, көрмөксөн болгонсуң). Дал ошол сыяктуу бүгүн сен да «унутуласың!»
وَكَذَٰلِكَ نَجْزِي مَنْ أَسْرَفَ وَلَمْ يُؤْمِنْ بِآيَاتِ رَبِّهِ ۚ وَلَعَذَابُ الْآخِرَةِ أَشَدُّ وَأَبْقَىٰ
Биз ысырап кылган (чектен чыккан) жана Раббисинин аяттарына ишенбеген адамдарды ушинтип жазалайбыз. Чынында, Акыреттин азабы катуу жана түгөнгүс
أَفَلَمْ يَهْدِ لَهُمْ كَمْ أَهْلَكْنَا قَبْلَهُمْ مِنَ الْقُرُونِ يَمْشُونَ فِي مَسَاكِنِهِمْ ۗ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَآيَاتٍ لِأُولِي النُّهَىٰ
Биз алардан мурун (өздөрү сыяктуу) нечен-нечен муундарды, үй-жайларында (эч нерседен бейкапар) жүргөндө (капыстан балээ жиберип) кыйратып койгонубуз алардын көзүн ачпайбы?! Мында акылдуу адамдар үчүн сабактар бар го
وَلَوْلَا كَلِمَةٌ سَبَقَتْ مِنْ رَبِّكَ لَكَانَ لِزَامًا وَأَجَلٌ مُسَمًّى
Эгер Раббиң тарабынан (айтып) өтүлгөн («күнөөлүүлөрдү белгиленген убактысында гана жазалайбыз» деген) сөз жана белгиленген мөөнөт (Кыямат) болбогондо, аларга азап ошол замат келмек
فَاصْبِرْ عَلَىٰ مَا يَقُولُونَ وَسَبِّحْ بِحَمْدِ رَبِّكَ قَبْلَ طُلُوعِ الشَّمْسِ وَقَبْلَ غُرُوبِهَا ۖ وَمِنْ آنَاءِ اللَّيْلِ فَسَبِّحْ وَأَطْرَافَ النَّهَارِ لَعَلَّكَ تَرْضَىٰ
(О, Мухаммад!) Сен алардын (сени жана динди айыптап) сүйлөгөн сөздөрүнө сабыр кыл жана Күн чыгаардан мурун жана Күн батаардан мурун Раббиңди даңазалап тасбих айт. Жана Раббиң сенден ыраазы болушу үчүн күн-түн дебей тасбих айт

Choose other languages: