Quran Apps in many lanuages:

Surah Saba Ayahs #50 Translated in Kyrgyz

قُلْ إِنَّمَا أَعِظُكُمْ بِوَاحِدَةٍ ۖ أَنْ تَقُومُوا لِلَّهِ مَثْنَىٰ وَفُرَادَىٰ ثُمَّ تَتَفَكَّرُوا ۚ مَا بِصَاحِبِكُمْ مِنْ جِنَّةٍ ۚ إِنْ هُوَ إِلَّا نَذِيرٌ لَكُمْ بَيْنَ يَدَيْ عَذَابٍ شَدِيدٍ
Айт: «Мен силерге бир гана нерсени — бирден, экиден болуп Аллаһка түз (эч нерсени шерик кылбай) турууңарды, андан кийин (жакшылап) пикир кылууңарды насаат кыламын. Силердин жолдошуңарда эч кандай жиндилик(тин белгилери) жок. Ал болгону, катуу азапты силерге эскерткени келген пайгамбар!»
قُلْ مَا سَأَلْتُكُمْ مِنْ أَجْرٍ فَهُوَ لَكُمْ ۖ إِنْ أَجْرِيَ إِلَّا عَلَى اللَّهِ ۖ وَهُوَ عَلَىٰ كُلِّ شَيْءٍ شَهِيدٌ
Айткын: «Мен силерден (эскерткеним үчүн) акы сурабаймын. Ал өзүңөргө буюрсун. Мага сыйлык берүү Аллаһтын вазыйпасы. Ал- ар бир нерсеге Күбө»
قُلْ إِنَّ رَبِّي يَقْذِفُ بِالْحَقِّ عَلَّامُ الْغُيُوبِ
Айт: «Албетте, менин Раббим Акыйкатты (жалганга каршы) таштайт. Ал кайып нерселерди Билүүчү!»
قُلْ جَاءَ الْحَقُّ وَمَا يُبْدِئُ الْبَاطِلُ وَمَا يُعِيدُ
Айт: «Акыйкат (Тавхид) келди. (Жалган-ширк алсыз болуп калды) эми жалган (өз ишин) баштай да албайт, кайталай да албайт!»
قُلْ إِنْ ضَلَلْتُ فَإِنَّمَا أَضِلُّ عَلَىٰ نَفْسِي ۖ وَإِنِ اهْتَدَيْتُ فَبِمَا يُوحِي إِلَيَّ رَبِّي ۚ إِنَّهُ سَمِيعٌ قَرِيبٌ
(Мушриктерге) айт: «Эгер мен (силер айткандай) адашкан болсом, өзүмдүн зыяныма адашкан боломун. Ал эми, Туура Жол тапкан болсом, бул мага Раббим вахий кылган нерсе себептүү. Чынында, Ал - Угуучу (жана) Жакын»

Choose other languages: