Quran Apps in many lanuages:

Surah Saba Ayahs #49 Translated in Kyrgyz

وَكَذَّبَ الَّذِينَ مِنْ قَبْلِهِمْ وَمَا بَلَغُوا مِعْشَارَ مَا آتَيْنَاهُمْ فَكَذَّبُوا رُسُلِي ۖ فَكَيْفَ كَانَ نَكِيرِ
Алардан мурунку (мушрик) адамдар дагы динди жалганга чыгарышкан. Биз аларга берген нерселердин ондон бирине да (Макка мушриктери) жетише элек. Алар дагы Биздин пайгамбарларыбызды «жалганчы» дешкен. Анан (аларга) кандай гана азап болду
قُلْ إِنَّمَا أَعِظُكُمْ بِوَاحِدَةٍ ۖ أَنْ تَقُومُوا لِلَّهِ مَثْنَىٰ وَفُرَادَىٰ ثُمَّ تَتَفَكَّرُوا ۚ مَا بِصَاحِبِكُمْ مِنْ جِنَّةٍ ۚ إِنْ هُوَ إِلَّا نَذِيرٌ لَكُمْ بَيْنَ يَدَيْ عَذَابٍ شَدِيدٍ
Айт: «Мен силерге бир гана нерсени — бирден, экиден болуп Аллаһка түз (эч нерсени шерик кылбай) турууңарды, андан кийин (жакшылап) пикир кылууңарды насаат кыламын. Силердин жолдошуңарда эч кандай жиндилик(тин белгилери) жок. Ал болгону, катуу азапты силерге эскерткени келген пайгамбар!»
قُلْ مَا سَأَلْتُكُمْ مِنْ أَجْرٍ فَهُوَ لَكُمْ ۖ إِنْ أَجْرِيَ إِلَّا عَلَى اللَّهِ ۖ وَهُوَ عَلَىٰ كُلِّ شَيْءٍ شَهِيدٌ
Айткын: «Мен силерден (эскерткеним үчүн) акы сурабаймын. Ал өзүңөргө буюрсун. Мага сыйлык берүү Аллаһтын вазыйпасы. Ал- ар бир нерсеге Күбө»
قُلْ إِنَّ رَبِّي يَقْذِفُ بِالْحَقِّ عَلَّامُ الْغُيُوبِ
Айт: «Албетте, менин Раббим Акыйкатты (жалганга каршы) таштайт. Ал кайып нерселерди Билүүчү!»
قُلْ جَاءَ الْحَقُّ وَمَا يُبْدِئُ الْبَاطِلُ وَمَا يُعِيدُ
Айт: «Акыйкат (Тавхид) келди. (Жалган-ширк алсыз болуп калды) эми жалган (өз ишин) баштай да албайт, кайталай да албайт!»

Choose other languages: