Quran Apps in many lanuages:

Surah Saba Ayahs #47 Translated in Kyrgyz

وَإِذَا تُتْلَىٰ عَلَيْهِمْ آيَاتُنَا بَيِّنَاتٍ قَالُوا مَا هَٰذَا إِلَّا رَجُلٌ يُرِيدُ أَنْ يَصُدَّكُمْ عَمَّا كَانَ يَعْبُدُ آبَاؤُكُمْ وَقَالُوا مَا هَٰذَا إِلَّا إِفْكٌ مُفْتَرًى ۚ وَقَالَ الَّذِينَ كَفَرُوا لِلْحَقِّ لَمَّا جَاءَهُمْ إِنْ هَٰذَا إِلَّا سِحْرٌ مُبِينٌ
Аларга (дүйнөдө) Биздин анык аяттарыбыз окулганда: «Бул киши (Мухаммад) силерди ата-бабаңар сыйынган динден тосууну гана каалайт» дешкен. Дагы алар (Кураан жөнүндө) «Бул ойдон чыгарылган нерсе»-деп айтышкан. Жана (ошол) каапыр болгондор өздөрүнө келген Акыйкатты (Кураанды) «бул анык сыйкыр» дешкен
وَمَا آتَيْنَاهُمْ مِنْ كُتُبٍ يَدْرُسُونَهَا ۖ وَمَا أَرْسَلْنَا إِلَيْهِمْ قَبْلَكَ مِنْ نَذِيرٍ
Биз аларга (буга чейин) дарс кылып окуган китеп бербеген элек жана сенден мурун да аларга эскертүүчү (пайгамбар) да жиберген эмеспиз
وَكَذَّبَ الَّذِينَ مِنْ قَبْلِهِمْ وَمَا بَلَغُوا مِعْشَارَ مَا آتَيْنَاهُمْ فَكَذَّبُوا رُسُلِي ۖ فَكَيْفَ كَانَ نَكِيرِ
Алардан мурунку (мушрик) адамдар дагы динди жалганга чыгарышкан. Биз аларга берген нерселердин ондон бирине да (Макка мушриктери) жетише элек. Алар дагы Биздин пайгамбарларыбызды «жалганчы» дешкен. Анан (аларга) кандай гана азап болду
قُلْ إِنَّمَا أَعِظُكُمْ بِوَاحِدَةٍ ۖ أَنْ تَقُومُوا لِلَّهِ مَثْنَىٰ وَفُرَادَىٰ ثُمَّ تَتَفَكَّرُوا ۚ مَا بِصَاحِبِكُمْ مِنْ جِنَّةٍ ۚ إِنْ هُوَ إِلَّا نَذِيرٌ لَكُمْ بَيْنَ يَدَيْ عَذَابٍ شَدِيدٍ
Айт: «Мен силерге бир гана нерсени — бирден, экиден болуп Аллаһка түз (эч нерсени шерик кылбай) турууңарды, андан кийин (жакшылап) пикир кылууңарды насаат кыламын. Силердин жолдошуңарда эч кандай жиндилик(тин белгилери) жок. Ал болгону, катуу азапты силерге эскерткени келген пайгамбар!»
قُلْ مَا سَأَلْتُكُمْ مِنْ أَجْرٍ فَهُوَ لَكُمْ ۖ إِنْ أَجْرِيَ إِلَّا عَلَى اللَّهِ ۖ وَهُوَ عَلَىٰ كُلِّ شَيْءٍ شَهِيدٌ
Айткын: «Мен силерден (эскерткеним үчүн) акы сурабаймын. Ал өзүңөргө буюрсун. Мага сыйлык берүү Аллаһтын вазыйпасы. Ал- ар бир нерсеге Күбө»

Choose other languages: