Quran Apps in many lanuages:

Surah Saba Ayahs #31 Translated in Kyrgyz

قُلْ أَرُونِيَ الَّذِينَ أَلْحَقْتُمْ بِهِ شُرَكَاءَ ۖ كَلَّا ۚ بَلْ هُوَ اللَّهُ الْعَزِيزُ الْحَكِيمُ
Айт: «Аллаһка кошуп (шерик кылып) койгон «кудайыңарды» мага көргөзгүлөчү?! Жок! Аллаһ Бир Өзү гана Кудуреттүү, Даанышман!»
وَمَا أَرْسَلْنَاكَ إِلَّا كَافَّةً لِلنَّاسِ بَشِيرًا وَنَذِيرًا وَلَٰكِنَّ أَكْثَرَ النَّاسِ لَا يَعْلَمُونَ
Биз сени (Бейиштен) кушкабар берүүчү жана (тозоктон) эскертүүчү кылып, жалпы инсанияттын бардыгына жибердик. Бирок, адамдардан көпчүлүгү муну билишпейт. (Пайгамбар саллаллоху алайхи ва саллам мушриктерге тозок жөнүндө эскертүү бергенде, алар мусулмандарга карап)
وَيَقُولُونَ مَتَىٰ هَٰذَا الْوَعْدُ إِنْ كُنْتُمْ صَادِقِينَ
«Эгер чынчыл болсоңор (айткылачы) бул убада качан (келет)?»- дешет
قُلْ لَكُمْ مِيعَادُ يَوْمٍ لَا تَسْتَأْخِرُونَ عَنْهُ سَاعَةً وَلَا تَسْتَقْدِمُونَ
Айткын: «Силерге (ал) күндүн убадасы бар. Силер андан бир саатка да эрте, же кеч калтырылбайсыңар»
وَقَالَ الَّذِينَ كَفَرُوا لَنْ نُؤْمِنَ بِهَٰذَا الْقُرْآنِ وَلَا بِالَّذِي بَيْنَ يَدَيْهِ ۗ وَلَوْ تَرَىٰ إِذِ الظَّالِمُونَ مَوْقُوفُونَ عِنْدَ رَبِّهِمْ يَرْجِعُ بَعْضُهُمْ إِلَىٰ بَعْضٍ الْقَوْلَ يَقُولُ الَّذِينَ اسْتُضْعِفُوا لِلَّذِينَ اسْتَكْبَرُوا لَوْلَا أَنْتُمْ لَكُنَّا مُؤْمِنِينَ
Каапыр адамдар айтты: «Биз эч качан бул Кураанга ишенбейбиз, андан мурунку китептерге да ишенбейбиз!» Жана сен (о, Мухаммад) ошол заалымдарды, Раббисинин алдында (тикесинен) тургузулуп, бири-бирине сөз кайтарып жаткандарын (бир) көрсөң эле!! Ээрчиген алсыздары текебер жолбашчыларына: «Эгер силер болбогондо биз ыйман келтирмекпиз!»- дешет

Choose other languages: