Quran Apps in many lanuages:

Surah Muhammad Ayahs #8 Translated in Kyrgyz

فَإِذَا لَقِيتُمُ الَّذِينَ كَفَرُوا فَضَرْبَ الرِّقَابِ حَتَّىٰ إِذَا أَثْخَنْتُمُوهُمْ فَشُدُّوا الْوَثَاقَ فَإِمَّا مَنًّا بَعْدُ وَإِمَّا فِدَاءً حَتَّىٰ تَضَعَ الْحَرْبُ أَوْزَارَهَا ۚ ذَٰلِكَ وَلَوْ يَشَاءُ اللَّهُ لَانْتَصَرَ مِنْهُمْ وَلَٰكِنْ لِيَبْلُوَ بَعْضَكُمْ بِبَعْضٍ ۗ وَالَّذِينَ قُتِلُوا فِي سَبِيلِ اللَّهِ فَلَنْ يُضِلَّ أَعْمَالَهُمْ
Эгер каапырларга (согуш мезгилинде) жолугуп калсаңар, мойнуна (кылыч) ургула! Эми, качан аларды жеңип алсаңар, (тирүү калгандарын) туткундагыла! Андан кийин же эч нерсе албай, азат кылып жибересиңер, же болбосо төлөм-акы алып (андан соң) коюп жибересиңер. (Бул өкүм) согуш (абалы) бүткөнгө чейин. Ушундай. Ал эми, (эгер) Аллаһ кааласа аларды (согушсуз эле) жеңип коймок. Бирок, бирөөңөрдү бирөөңөр менен сынап (тандап) алуу үчүн (согушка буюрду). Жана Аллаһтын жолунда өлтүрүлгөн адамдардын амалдарын (Аллаһ) эч качан текке кетирбейт
سَيَهْدِيهِمْ وَيُصْلِحُ بَالَهُمْ
Аллаһ аларды (Бейиш жолуна) жолдойт жана (эки дүйнөдө) иштерин оңдойт
وَيُدْخِلُهُمُ الْجَنَّةَ عَرَّفَهَا لَهُمْ
Жана аларды өздөрүнө (Кураанда) тааныткан Бейишке киргизет
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِنْ تَنْصُرُوا اللَّهَ يَنْصُرْكُمْ وَيُثَبِّتْ أَقْدَامَكُمْ
О,ыйман келтирген адамдар! Эгер Аллаһка (Анын динине) жардам берсеңер,! Аллаһ дагы силерге жардам берет жана кадамыңарды бекем кылат
وَالَّذِينَ كَفَرُوا فَتَعْسًا لَهُمْ وَأَضَلَّ أَعْمَالَهُمْ
Каапырлар жоголсун! (Аллаһ) алардын амалдарын жокко чыгарат

Choose other languages: