Quran Apps in many lanuages:

Surah Muhammad Ayahs #11 Translated in Kyrgyz

يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِنْ تَنْصُرُوا اللَّهَ يَنْصُرْكُمْ وَيُثَبِّتْ أَقْدَامَكُمْ
О,ыйман келтирген адамдар! Эгер Аллаһка (Анын динине) жардам берсеңер,! Аллаһ дагы силерге жардам берет жана кадамыңарды бекем кылат
وَالَّذِينَ كَفَرُوا فَتَعْسًا لَهُمْ وَأَضَلَّ أَعْمَالَهُمْ
Каапырлар жоголсун! (Аллаһ) алардын амалдарын жокко чыгарат
ذَٰلِكَ بِأَنَّهُمْ كَرِهُوا مَا أَنْزَلَ اللَّهُ فَأَحْبَطَ أَعْمَالَهُمْ
(Мунун себеби, алар Аллаһ түшүргөн нерсени Кураанды) жаман көрүштү. Анан (Аллаһ) алардын амалдарын текке кетирди
أَفَلَمْ يَسِيرُوا فِي الْأَرْضِ فَيَنْظُرُوا كَيْفَ كَانَ عَاقِبَةُ الَّذِينَ مِنْ قَبْلِهِمْ ۚ دَمَّرَ اللَّهُ عَلَيْهِمْ ۖ وَلِلْكَافِرِينَ أَمْثَالُهَا
Алар жер бетин кезип, өздөрүнөн мурунку (каапыр) коомдордун (коркунучтуу) акыбети кандай болгонун көрбөйт беле? Аллаһ алардын ойронун чыгарды го! Жана (азыркы) каапырларга да ошол сыяктуу иштер бар
ذَٰلِكَ بِأَنَّ اللَّهَ مَوْلَى الَّذِينَ آمَنُوا وَأَنَّ الْكَافِرِينَ لَا مَوْلَىٰ لَهُمْ
Мунун себеби, Аллаһ ыймандуу адамдардын жардамчысы. Ал эми, каапырлардын жардамчысы жок

Choose other languages: