Quran Apps in many lanuages:

Surah Ghafir Ayahs #84 Translated in Kyrgyz

وَلَكُمْ فِيهَا مَنَافِعُ وَلِتَبْلُغُوا عَلَيْهَا حَاجَةً فِي صُدُورِكُمْ وَعَلَيْهَا وَعَلَى الْفُلْكِ تُحْمَلُونَ
Ал айбандарда силер үчүн (көп) пайдалар бар. Жана аларга минип көңүлүңөрдөгү максат-муктаждыгыңарга жетишиңер үчүн алардын үстүнө жана кемелердин үстүнө (Аллаһтын пазилети менен) мингизип коюлдуңар
وَيُرِيكُمْ آيَاتِهِ فَأَيَّ آيَاتِ اللَّهِ تُنْكِرُونَ
Аллаһ силерге (кудуретинин) белгилерин көргөзүүдө. Аллаһтын кайсы аят-белгисин жокко чыгара алсыңар
أَفَلَمْ يَسِيرُوا فِي الْأَرْضِ فَيَنْظُرُوا كَيْفَ كَانَ عَاقِبَةُ الَّذِينَ مِنْ قَبْلِهِمْ ۚ كَانُوا أَكْثَرَ مِنْهُمْ وَأَشَدَّ قُوَّةً وَآثَارًا فِي الْأَرْضِ فَمَا أَغْنَىٰ عَنْهُمْ مَا كَانُوا يَكْسِبُونَ
(Мушриктер) жер жүзүн кезип саякат кылышпайбы. Ошондо өздөрүнөн мурунку (каапыр) элдердин акыбети кандай болгонун көрүп алышмак. Алар булардан күч-кубаттуурак, жана жер бетинде калтырган (тарыхий-маданий) издери көбүрөөк эле! Бирок, жасаган өнөрлөрү аларга (Аллаһтын азабы келгенде) пайда бере албады
فَلَمَّا جَاءَتْهُمْ رُسُلُهُمْ بِالْبَيِّنَاتِ فَرِحُوا بِمَا عِنْدَهُمْ مِنَ الْعِلْمِ وَحَاقَ بِهِمْ مَا كَانُوا بِهِ يَسْتَهْزِئُونَ
Аларга пайгамбарлары далил-баяндар менен келгенде, өздөрүндөгү илим менен текеберлене сүйүнүшкөн (жана Бейиш-тозок жөнүндөгү кабарларды мыскылдашкан.) Анан аларды мыскылдаган нерселери (тозок оту) ороп алды
فَلَمَّا رَأَوْا بَأْسَنَا قَالُوا آمَنَّا بِاللَّهِ وَحْدَهُ وَكَفَرْنَا بِمَا كُنَّا بِهِ مُشْرِكِينَ
Ал эми, качан Биздин азапты (өз көздөрү менен) көргөндө гана «Аллаһтын жалгыз Өзүнө ыйман келтирдик! Аллаһка шерик кошкон «кудайларыбыздан» кайттык!» деп (кокуйлап) калышты

Choose other languages: