Quran Apps in many lanuages:

Surah Fussilat Ayahs #8 Translated in Kyrgyz

بَشِيرًا وَنَذِيرًا فَأَعْرَضَ أَكْثَرُهُمْ فَهُمْ لَا يَسْمَعُونَ
(Бейиштен) куш кабар айтуучу, (тозоктон) кайгылуу кабар айтуучу (китеп). Бирок алардан (Курайш мушриктеринен) көпчүлүгү жүз үйрүп кетишти. Эми алар угушпайт
وَقَالُوا قُلُوبُنَا فِي أَكِنَّةٍ مِمَّا تَدْعُونَا إِلَيْهِ وَفِي آذَانِنَا وَقْرٌ وَمِنْ بَيْنِنَا وَبَيْنِكَ حِجَابٌ فَاعْمَلْ إِنَّنَا عَامِلُونَ
Жана: «Силер бизди чакырып жаткан нерсе үчүн жүрөгүбүздө парда, кулагыбызда дүлөйлүк жана сен менен биздин арабызда тосмо бар! Сен (өз диниңде) ибадат кыл, биз дагы (өз динибизде) ибадат кылабыз» дешти
قُلْ إِنَّمَا أَنَا بَشَرٌ مِثْلُكُمْ يُوحَىٰ إِلَيَّ أَنَّمَا إِلَٰهُكُمْ إِلَٰهٌ وَاحِدٌ فَاسْتَقِيمُوا إِلَيْهِ وَاسْتَغْفِرُوهُ ۗ وَوَيْلٌ لِلْمُشْرِكِينَ
Айткын: «Мен деле силер сыяктуу адаммын. (Болгон айырмабыз:) мага (Раббимден) вахий келет. Силердин кудайыңар жалгыз Кудай. Анын Өзүнө (ибадат кылуу менен) түз болгула! Жана Андан күнөөңөрдү кечиришин сурагыла! Мушриктерге өлүм болсун!»
الَّذِينَ لَا يُؤْتُونَ الزَّكَاةَ وَهُمْ بِالْآخِرَةِ هُمْ كَافِرُونَ
Алар Акыретке ишенбеген жана (ошол себептүү) зекетти да бербеген адамдар
إِنَّ الَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَهُمْ أَجْرٌ غَيْرُ مَمْنُونٍ
Чынында, (Акыретке) ыйман келтирип, салих амалдарды жасаган кишилер үчүн түгөнгүс сыйлыктар бар!»

Choose other languages: