Quran Apps in many lanuages:

Surah Fussilat Ayahs #13 Translated in Kyrgyz

قُلْ أَئِنَّكُمْ لَتَكْفُرُونَ بِالَّذِي خَلَقَ الْأَرْضَ فِي يَوْمَيْنِ وَتَجْعَلُونَ لَهُ أَنْدَادًا ۚ ذَٰلِكَ رَبُّ الْعَالَمِينَ
Айткын: «Силер жерди эки күндүн ичинде жараткан Аллаһка каапыр болосуңарбы?! Ага теңдеш-шериктерди кошосуңарбы?! Ал — ааламдардын (жалгыз) Жаратуучусуго!»
وَجَعَلَ فِيهَا رَوَاسِيَ مِنْ فَوْقِهَا وَبَارَكَ فِيهَا وَقَدَّرَ فِيهَا أَقْوَاتَهَا فِي أَرْبَعَةِ أَيَّامٍ سَوَاءً لِلسَّائِلِينَ
Жана Ал жер үстүнө тоолорду жаратты, төрт күндүн ичинде жердеги ырыскы-жемиштерди толук өлчөп-ченеп, берекелүү кылып койду. (Бул) сурагандар үчүн
ثُمَّ اسْتَوَىٰ إِلَى السَّمَاءِ وَهِيَ دُخَانٌ فَقَالَ لَهَا وَلِلْأَرْضِ ائْتِيَا طَوْعًا أَوْ كَرْهًا قَالَتَا أَتَيْنَا طَائِعِينَ
Кийин (жаратуу үчүн) асман(дар) ды максат кылды!. Ал (асман) түтүн (болчу). Анан ага жана жерге: «Моюн сунсаңар да сунбасаңар да Мага (менин буйругума) келгиле!»-дегенде, алар: «Моюн сунган абалда келдик»-дешти
فَقَضَاهُنَّ سَبْعَ سَمَاوَاتٍ فِي يَوْمَيْنِ وَأَوْحَىٰ فِي كُلِّ سَمَاءٍ أَمْرَهَا ۚ وَزَيَّنَّا السَّمَاءَ الدُّنْيَا بِمَصَابِيحَ وَحِفْظًا ۚ ذَٰلِكَ تَقْدِيرُ الْعَزِيزِ الْعَلِيمِ
Анан (дагы) эки күндүн ичинде жети асманды(н жаралышын) бүтүрдү жана ар бир асманга өз ишин вахий (дайын) кылды. Жана Дүйнө Асманын чырактар менен кооздодук. (Жана ал жылдыздарды жин-шайтандардан) коргоочу (кылдык). Бул (жаратылыштар) Илимдүү, Кудуреттүү Аллаһтын тагдыры
فَإِنْ أَعْرَضُوا فَقُلْ أَنْذَرْتُكُمْ صَاعِقَةً مِثْلَ صَاعِقَةِ عَادٍ وَثَمُودَ
Эгер (мушриктер дагы эле) жүз үйрүсө, айткын: «Мен силерди Аад жана Самуддун азабы сыяктуу азаптан эскерттим!»

Choose other languages: