Quran Apps in many lanuages:

Surah Fatir Ayahs #10 Translated in Kyrgyz

إِنَّ الشَّيْطَانَ لَكُمْ عَدُوٌّ فَاتَّخِذُوهُ عَدُوًّا ۚ إِنَّمَا يَدْعُو حِزْبَهُ لِيَكُونُوا مِنْ أَصْحَابِ السَّعِيرِ
Чынында, шайтан силерге (түбөлүк) душман! Аны (дайым) душман туткула! Чынында ал өзү(нө ээрчиген) жамаатты тозок элдеринен болууга чакырат
الَّذِينَ كَفَرُوا لَهُمْ عَذَابٌ شَدِيدٌ ۖ وَالَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَهُمْ مَغْفِرَةٌ وَأَجْرٌ كَبِيرٌ
Каапыр адамдар үчүн (Кыяматта) катуу азап бар. Ал эми, ыйман келтирип, салих амалдарды жасагандарга (Аллаһ тарабынан) кечирим жана улук сооп бар
أَفَمَنْ زُيِّنَ لَهُ سُوءُ عَمَلِهِ فَرَآهُ حَسَنًا ۖ فَإِنَّ اللَّهَ يُضِلُّ مَنْ يَشَاءُ وَيَهْدِي مَنْ يَشَاءُ ۖ فَلَا تَذْهَبْ نَفْسُكَ عَلَيْهِمْ حَسَرَاتٍ ۚ إِنَّ اللَّهَ عَلِيمٌ بِمَا يَصْنَعُونَ
(Айткылачы, күнөө) ишинин жамандыгы өзүнө кооз көргөзүлгөн соң, аны жакшы иш деп эсептеген киши (Аллаһ Туура Жолго баштаган киши сыяктуу) боло алабы? Аллаһ каалаган адамын (ушинтип) адаштырат, каалаганын Туура Жолго баштайт. (О, Мухаммад!) Жаның алар (мушриктер) үчүн кайгы чекпей эле койсун! Албетте, Аллаһ алар эмне кылып жатканын жакшы Билүүчү
وَاللَّهُ الَّذِي أَرْسَلَ الرِّيَاحَ فَتُثِيرُ سَحَابًا فَسُقْنَاهُ إِلَىٰ بَلَدٍ مَيِّتٍ فَأَحْيَيْنَا بِهِ الْأَرْضَ بَعْدَ مَوْتِهَا ۚ كَذَٰلِكَ النُّشُورُ
Аллаһ— шамал жиберген Зат! Шамал булуттарды козгогондо, Биз аларды өлүк (кургак) шаарга айдап барып (жамгыр-жаадырып) аны менен өлүк жерди тирилтебиз. Кайра тирилүү да ушундай
مَنْ كَانَ يُرِيدُ الْعِزَّةَ فَلِلَّهِ الْعِزَّةُ جَمِيعًا ۚ إِلَيْهِ يَصْعَدُ الْكَلِمُ الطَّيِّبُ وَالْعَمَلُ الصَّالِحُ يَرْفَعُهُ ۚ وَالَّذِينَ يَمْكُرُونَ السَّيِّئَاتِ لَهُمْ عَذَابٌ شَدِيدٌ ۖ وَمَكْرُ أُولَٰئِكَ هُوَ يَبُورُ
Ким урматтуу болууну кааласа (билип алсын:) Бардык урмат-сый Аллаһка таандык.! Таза-пакиза сөздөр Анын Өзүнө көтөрүлөт. Салих амалды дагы Өзү көтөрүп алат. Күнөө иштерди айлакерлик менен жасагандарга катуу азап бар! Алардын айлакерликтери текке кетет

Choose other languages: