Quran Apps in many lanuages:

Surah Fatir Ayahs #16 Translated in Kyrgyz

وَمَا يَسْتَوِي الْبَحْرَانِ هَٰذَا عَذْبٌ فُرَاتٌ سَائِغٌ شَرَابُهُ وَهَٰذَا مِلْحٌ أُجَاجٌ ۖ وَمِنْ كُلٍّ تَأْكُلُونَ لَحْمًا طَرِيًّا وَتَسْتَخْرِجُونَ حِلْيَةً تَلْبَسُونَهَا ۖ وَتَرَى الْفُلْكَ فِيهِ مَوَاخِرَ لِتَبْتَغُوا مِنْ فَضْلِهِ وَلَعَلَّكُمْ تَشْكُرُونَ
Дарыя менен деңиз тең эмес. Мунусу ширин-таттуу, аны ичүү жагымдуу. Тигиниси ачуу-туздуу. Экөөсүнөн тең силер таза-жаңы эт жейсиңер. Жана (деңизден) өзүңөр тагына турган зыйнат(таш)тарды чыгарып аласыңар. Жана силер анда (толкундарды) жарып (сүзүп) бара жаткан кемени көрөсүңөр. (Бул) Аллаһтын пазилетин (ырыскысын) издешиңер үчүн (бир себеп). Кана эми шүгүр кылсаңар
يُولِجُ اللَّيْلَ فِي النَّهَارِ وَيُولِجُ النَّهَارَ فِي اللَّيْلِ وَسَخَّرَ الشَّمْسَ وَالْقَمَرَ كُلٌّ يَجْرِي لِأَجَلٍ مُسَمًّى ۚ ذَٰلِكُمُ اللَّهُ رَبُّكُمْ لَهُ الْمُلْكُ ۚ وَالَّذِينَ تَدْعُونَ مِنْ دُونِهِ مَا يَمْلِكُونَ مِنْ قِطْمِيرٍ
(Аллаһ) түндү күндүзгө, күндүздү түнгө киргизет. Жана Күн менен Айды силерге моюн сундуруп (кызматчы кылып) койду. Ар бири белгиленген убакытка чейин (асманда) жүрө берет. Ушул Аллаһ — Раббиңер. (Бардык) мүлк жеке Өзүнүн колунда. (О, мушриктер!) Андан башка силер дуба кылып жаткан «кудайларыңар» чел кабыктай нерсеге да ээ эмес
إِنْ تَدْعُوهُمْ لَا يَسْمَعُوا دُعَاءَكُمْ وَلَوْ سَمِعُوا مَا اسْتَجَابُوا لَكُمْ ۖ وَيَوْمَ الْقِيَامَةِ يَكْفُرُونَ بِشِرْكِكُمْ ۚ وَلَا يُنَبِّئُكَ مِثْلُ خَبِيرٍ
Эгер аларга дуба кылсаңар, дубаңарды укпайт. Эгер (кыялыңарда) укса да, силерге жооп бере алмак эмес. (Ошондуктан), Кыямат Күнү аларды (Аллаһка) шерик кылганыңарга нараазы болушат. (Оо, Мухаммад!) Эч ким сага Кабардар (Аллаһ) сыяктуу кабар бере албайт
يَا أَيُّهَا النَّاسُ أَنْتُمُ الْفُقَرَاءُ إِلَى اللَّهِ ۖ وَاللَّهُ هُوَ الْغَنِيُّ الْحَمِيدُ
О, адамдар! Силер Аллаһка (ар дайым) муктажсыңар! Жана Аллаһ Өзү гана Беймуктаж, мактоого татыктуу
إِنْ يَشَأْ يُذْهِبْكُمْ وَيَأْتِ بِخَلْقٍ جَدِيدٍ
Ал эгер кааласа силерди (жер бетинен) кетирип, башка жаңы (Өзүнө моюн суна турган) элдерди келтире алат

Choose other languages: