Quran Apps in many lanuages:

Surah Fatir Ayahs #18 Translated in Kyrgyz

إِنْ تَدْعُوهُمْ لَا يَسْمَعُوا دُعَاءَكُمْ وَلَوْ سَمِعُوا مَا اسْتَجَابُوا لَكُمْ ۖ وَيَوْمَ الْقِيَامَةِ يَكْفُرُونَ بِشِرْكِكُمْ ۚ وَلَا يُنَبِّئُكَ مِثْلُ خَبِيرٍ
Эгер аларга дуба кылсаңар, дубаңарды укпайт. Эгер (кыялыңарда) укса да, силерге жооп бере алмак эмес. (Ошондуктан), Кыямат Күнү аларды (Аллаһка) шерик кылганыңарга нараазы болушат. (Оо, Мухаммад!) Эч ким сага Кабардар (Аллаһ) сыяктуу кабар бере албайт
يَا أَيُّهَا النَّاسُ أَنْتُمُ الْفُقَرَاءُ إِلَى اللَّهِ ۖ وَاللَّهُ هُوَ الْغَنِيُّ الْحَمِيدُ
О, адамдар! Силер Аллаһка (ар дайым) муктажсыңар! Жана Аллаһ Өзү гана Беймуктаж, мактоого татыктуу
إِنْ يَشَأْ يُذْهِبْكُمْ وَيَأْتِ بِخَلْقٍ جَدِيدٍ
Ал эгер кааласа силерди (жер бетинен) кетирип, башка жаңы (Өзүнө моюн суна турган) элдерди келтире алат
وَمَا ذَٰلِكَ عَلَى اللَّهِ بِعَزِيزٍ
Бул Аллаһка оор эмес
وَلَا تَزِرُ وَازِرَةٌ وِزْرَ أُخْرَىٰ ۚ وَإِنْ تَدْعُ مُثْقَلَةٌ إِلَىٰ حِمْلِهَا لَا يُحْمَلْ مِنْهُ شَيْءٌ وَلَوْ كَانَ ذَا قُرْبَىٰ ۗ إِنَّمَا تُنْذِرُ الَّذِينَ يَخْشَوْنَ رَبَّهُمْ بِالْغَيْبِ وَأَقَامُوا الصَّلَاةَ ۚ وَمَنْ تَزَكَّىٰ فَإِنَّمَا يَتَزَكَّىٰ لِنَفْسِهِ ۚ وَإِلَى اللَّهِ الْمَصِيرُ
Эч бир көтөрүүчү (Кыяматта) бирөөнүн күнөөсүн көтөрбөйт. Эгер бир оор күнөөсү бар адам аны көтөрүшүүгө (жардамга) чакырса да, андан эч нерсе жеңилдетилбейт, эгер (чакырылгандар) анын (жакын) тууганы болсо да! Сен өздөрүнүн кайыптагы Раббисинен корккон жана намаздарын толук окуган кишилерди гана эскерте аласың. Ким тазарса өзүнүн гана пайдасына тазарганы. Кайтуу -Аллаһка

Choose other languages: