Quran Apps in many lanuages:

Surah Fatir Ayahs #17 Translated in Kyrgyz

يُولِجُ اللَّيْلَ فِي النَّهَارِ وَيُولِجُ النَّهَارَ فِي اللَّيْلِ وَسَخَّرَ الشَّمْسَ وَالْقَمَرَ كُلٌّ يَجْرِي لِأَجَلٍ مُسَمًّى ۚ ذَٰلِكُمُ اللَّهُ رَبُّكُمْ لَهُ الْمُلْكُ ۚ وَالَّذِينَ تَدْعُونَ مِنْ دُونِهِ مَا يَمْلِكُونَ مِنْ قِطْمِيرٍ
(Аллаһ) түндү күндүзгө, күндүздү түнгө киргизет. Жана Күн менен Айды силерге моюн сундуруп (кызматчы кылып) койду. Ар бири белгиленген убакытка чейин (асманда) жүрө берет. Ушул Аллаһ — Раббиңер. (Бардык) мүлк жеке Өзүнүн колунда. (О, мушриктер!) Андан башка силер дуба кылып жаткан «кудайларыңар» чел кабыктай нерсеге да ээ эмес
إِنْ تَدْعُوهُمْ لَا يَسْمَعُوا دُعَاءَكُمْ وَلَوْ سَمِعُوا مَا اسْتَجَابُوا لَكُمْ ۖ وَيَوْمَ الْقِيَامَةِ يَكْفُرُونَ بِشِرْكِكُمْ ۚ وَلَا يُنَبِّئُكَ مِثْلُ خَبِيرٍ
Эгер аларга дуба кылсаңар, дубаңарды укпайт. Эгер (кыялыңарда) укса да, силерге жооп бере алмак эмес. (Ошондуктан), Кыямат Күнү аларды (Аллаһка) шерик кылганыңарга нараазы болушат. (Оо, Мухаммад!) Эч ким сага Кабардар (Аллаһ) сыяктуу кабар бере албайт
يَا أَيُّهَا النَّاسُ أَنْتُمُ الْفُقَرَاءُ إِلَى اللَّهِ ۖ وَاللَّهُ هُوَ الْغَنِيُّ الْحَمِيدُ
О, адамдар! Силер Аллаһка (ар дайым) муктажсыңар! Жана Аллаһ Өзү гана Беймуктаж, мактоого татыктуу
إِنْ يَشَأْ يُذْهِبْكُمْ وَيَأْتِ بِخَلْقٍ جَدِيدٍ
Ал эгер кааласа силерди (жер бетинен) кетирип, башка жаңы (Өзүнө моюн суна турган) элдерди келтире алат
وَمَا ذَٰلِكَ عَلَى اللَّهِ بِعَزِيزٍ
Бул Аллаһка оор эмес

Choose other languages: