Quran Apps in many lanuages:

Surah At-Tawba Ayahs #57 Translated in Kyrgyz

قُلْ أَنْفِقُوا طَوْعًا أَوْ كَرْهًا لَنْ يُتَقَبَّلَ مِنْكُمْ ۖ إِنَّكُمْ كُنْتُمْ قَوْمًا فَاسِقِينَ
Айткын: “(Эй, мунафыктар!) Өзүңөр каалап берсеңер да каалабай берсеңер да силердин (садакаңар) эч качан кабыл болбойт! Себеби, силер бузулган элсиңер
وَمَا مَنَعَهُمْ أَنْ تُقْبَلَ مِنْهُمْ نَفَقَاتُهُمْ إِلَّا أَنَّهُمْ كَفَرُوا بِاللَّهِ وَبِرَسُولِهِ وَلَا يَأْتُونَ الصَّلَاةَ إِلَّا وَهُمْ كُسَالَىٰ وَلَا يُنْفِقُونَ إِلَّا وَهُمْ كَارِهُونَ
Алардын садакаларынын кабыл болуусуна тоскоолдук кылган нерсе - Аллаһка жана пайгамбарына ишенбегени, намазды жалкоолонуп окуганы жана (садаканы) оорунуп бергендери
فَلَا تُعْجِبْكَ أَمْوَالُهُمْ وَلَا أَوْلَادُهُمْ ۚ إِنَّمَا يُرِيدُ اللَّهُ لِيُعَذِّبَهُمْ بِهَا فِي الْحَيَاةِ الدُّنْيَا وَتَزْهَقَ أَنْفُسُهُمْ وَهُمْ كَافِرُونَ
(О, Мухаммад) сени алардын дүйнө-мүлкү менен бала-чакалары кызыктырбасын! Аллаһ дүйнөдө аларды ошолор менен машакатка салат жана каапыр бойдон өлүп кетүүлөрүн каалайт
وَيَحْلِفُونَ بِاللَّهِ إِنَّهُمْ لَمِنْكُمْ وَمَا هُمْ مِنْكُمْ وَلَٰكِنَّهُمْ قَوْمٌ يَفْرَقُونَ
Алар Аллаһты ортого салып: «Биз силерденбиз” деп ант ичишет. Алар силерден эмес, бирок, суу жүрөк адамдар
لَوْ يَجِدُونَ مَلْجَأً أَوْ مَغَارَاتٍ أَوْ مُدَّخَلًا لَوَلَّوْا إِلَيْهِ وَهُمْ يَجْمَحُونَ
(Башына оор күн түшкөндө) эгер бир башпаанек же үңкүр же башка бир кире турган жер табышса, качкан бойдон ошого кирип кетишет

Choose other languages: