Quran Apps in many lanuages:

Surah At-Tawba Ayahs #59 Translated in Kyrgyz

فَلَا تُعْجِبْكَ أَمْوَالُهُمْ وَلَا أَوْلَادُهُمْ ۚ إِنَّمَا يُرِيدُ اللَّهُ لِيُعَذِّبَهُمْ بِهَا فِي الْحَيَاةِ الدُّنْيَا وَتَزْهَقَ أَنْفُسُهُمْ وَهُمْ كَافِرُونَ
(О, Мухаммад) сени алардын дүйнө-мүлкү менен бала-чакалары кызыктырбасын! Аллаһ дүйнөдө аларды ошолор менен машакатка салат жана каапыр бойдон өлүп кетүүлөрүн каалайт
وَيَحْلِفُونَ بِاللَّهِ إِنَّهُمْ لَمِنْكُمْ وَمَا هُمْ مِنْكُمْ وَلَٰكِنَّهُمْ قَوْمٌ يَفْرَقُونَ
Алар Аллаһты ортого салып: «Биз силерденбиз” деп ант ичишет. Алар силерден эмес, бирок, суу жүрөк адамдар
لَوْ يَجِدُونَ مَلْجَأً أَوْ مَغَارَاتٍ أَوْ مُدَّخَلًا لَوَلَّوْا إِلَيْهِ وَهُمْ يَجْمَحُونَ
(Башына оор күн түшкөндө) эгер бир башпаанек же үңкүр же башка бир кире турган жер табышса, качкан бойдон ошого кирип кетишет
وَمِنْهُمْ مَنْ يَلْمِزُكَ فِي الصَّدَقَاتِ فَإِنْ أُعْطُوا مِنْهَا رَضُوا وَإِنْ لَمْ يُعْطَوْا مِنْهَا إِذَا هُمْ يَسْخَطُونَ
Алардын арасында сени садакалар(ды бөлүштүрүү) боюнча айыптагандар бар. (Мунун себеби) эгер садакалардан берилсе, ыраазы болуп калышат, эгер берилбей калса (сени) жаман көрүп калышат
وَلَوْ أَنَّهُمْ رَضُوا مَا آتَاهُمُ اللَّهُ وَرَسُولُهُ وَقَالُوا حَسْبُنَا اللَّهُ سَيُؤْتِينَا اللَّهُ مِنْ فَضْلِهِ وَرَسُولُهُ إِنَّا إِلَى اللَّهِ رَاغِبُونَ
Эгер алар Аллаһ жана пайгамбары берген нерсеге гана ыраазы болуп: “Бизге Аллаһ жетиштүү, Аллаһ жакында бизге Өз пазилетинен берет. Пайгамбары да берет. Биз (дүйнөгө эмес) Аллаһка умтулуучуларбыз”-дешкенде (өздөрүнө жакшы болмок)

Choose other languages: