Quran Apps in many lanuages:

Surah At-Tawba Ayahs #15 Translated in Kyrgyz

فَإِنْ تَابُوا وَأَقَامُوا الصَّلَاةَ وَآتَوُا الزَّكَاةَ فَإِخْوَانُكُمْ فِي الدِّينِ ۗ وَنُفَصِّلُ الْآيَاتِ لِقَوْمٍ يَعْلَمُونَ
Эгер тооба кылып, намаз окуп, зекетти берип калышса, анда алар — диндеш биртууганыңар. Биз Өз аяттарыбызды билген коом үчүн (ушинтип) ачык-айкын баяндайбыз
وَإِنْ نَكَثُوا أَيْمَانَهُمْ مِنْ بَعْدِ عَهْدِهِمْ وَطَعَنُوا فِي دِينِكُمْ فَقَاتِلُوا أَئِمَّةَ الْكُفْرِ ۙ إِنَّهُمْ لَا أَيْمَانَ لَهُمْ لَعَلَّهُمْ يَنْتَهُونَ
Жана эгер келишимге кол койгондорунан кийин ант-убадаларын бузушса жана силердин диниңерди айыпташса, (аларды ушуга үйрөткөн) каапырлардын башчыларына каршы согушкула! Чынында аларда, ант (сактоо) деген болбойт. Кана эми, алар (кыянаттарынан) токтошсо
أَلَا تُقَاتِلُونَ قَوْمًا نَكَثُوا أَيْمَانَهُمْ وَهَمُّوا بِإِخْرَاجِ الرَّسُولِ وَهُمْ بَدَءُوكُمْ أَوَّلَ مَرَّةٍ ۚ أَتَخْشَوْنَهُمْ ۚ فَاللَّهُ أَحَقُّ أَنْ تَخْشَوْهُ إِنْ كُنْتُمْ مُؤْمِنِينَ
(О, момундар!) Өздөрү биринчи баштап, ант-убадаларын бузган жана пайгамбарды (журтунан) чыгарууга жан үрөп аракеттенген адамдарга каршы согушпайсыңарбы? Эмне, алардан коркосуңарбы?! Аллаһтан коркушуңарга Ал көбүрөөк акылуу эмеспи, эгер момун болсоңор
قَاتِلُوهُمْ يُعَذِّبْهُمُ اللَّهُ بِأَيْدِيكُمْ وَيُخْزِهِمْ وَيَنْصُرْكُمْ عَلَيْهِمْ وَيَشْفِ صُدُورَ قَوْمٍ مُؤْمِنِينَ
Аларга каршы согушкула! Аллаһ силердин колуңар менен аларга азап берип, шерменде кылып, силерге жардам берет жана момундардын жүрөктөрүн(дөгү ызааны) айыктырат
وَيُذْهِبْ غَيْظَ قُلُوبِهِمْ ۗ وَيَتُوبُ اللَّهُ عَلَىٰ مَنْ يَشَاءُ ۗ وَاللَّهُ عَلِيمٌ حَكِيمٌ
Жана жүрөктөрүнүн ачуусун кетирет (өч алуу көксөөсүн кандырат).! Жана Аллаһ алардан каалагандарынын тообасын кабыл алат. Аллаһ Билүүчү, Даанышман

Choose other languages: