Quran Apps in many lanuages:

Surah At-Tawba Ayahs #115 Translated in Kyrgyz

إِنَّ اللَّهَ اشْتَرَىٰ مِنَ الْمُؤْمِنِينَ أَنْفُسَهُمْ وَأَمْوَالَهُمْ بِأَنَّ لَهُمُ الْجَنَّةَ ۚ يُقَاتِلُونَ فِي سَبِيلِ اللَّهِ فَيَقْتُلُونَ وَيُقْتَلُونَ ۖ وَعْدًا عَلَيْهِ حَقًّا فِي التَّوْرَاةِ وَالْإِنْجِيلِ وَالْقُرْآنِ ۚ وَمَنْ أَوْفَىٰ بِعَهْدِهِ مِنَ اللَّهِ ۚ فَاسْتَبْشِرُوا بِبَيْعِكُمُ الَّذِي بَايَعْتُمْ بِهِ ۚ وَذَٰلِكَ هُوَ الْفَوْزُ الْعَظِيمُ
Чынында, Аллаһ момундардын жандары менен мал-мүлктөрүн, аларга Бейишти берүү менен сатып алат. Алар Аллаһ жолунда согушуп, өлтүрүшөт жана өлтүрүлүшөт. (Жан, мал барабарына Бейиштин берилиши) Тоорат, Инжил жана Кураандагы Аллаһтын анык убадасы. Өз убадасын Аллаһтан жакшыраак ким аткара алат? (О, момундар!Аллаһ менен) жасаган соодаңарга сүйүнгүлө! бул (сооданын ишке ашуусу) — чоң жеңиш
التَّائِبُونَ الْعَابِدُونَ الْحَامِدُونَ السَّائِحُونَ الرَّاكِعُونَ السَّاجِدُونَ الْآمِرُونَ بِالْمَعْرُوفِ وَالنَّاهُونَ عَنِ الْمُنْكَرِ وَالْحَافِظُونَ لِحُدُودِ اللَّهِ ۗ وَبَشِّرِ الْمُؤْمِنِينَ
(Ар убакытта күнөө-каталарынан) тооба кылуучулар, (Аллаһтын Өзүнө гана) ибадат кылуучулар, (жеңилдик-оорчулукта) шүгүр кылуучулар, Орозо кармоочулар, рукууь жана сажда кылуучулар, (Аллаһ жана пайгамбары буюрган бардык) жакшылыктарга буюруучулар жана (бардык) жамандыктардан кайтаруучулар жана Аллаһтын чек-чегараларын сактоочулар... (ушундай) момунд-арга (Бейиштен) кушкабар бер
مَا كَانَ لِلنَّبِيِّ وَالَّذِينَ آمَنُوا أَنْ يَسْتَغْفِرُوا لِلْمُشْرِكِينَ وَلَوْ كَانُوا أُولِي قُرْبَىٰ مِنْ بَعْدِ مَا تَبَيَّنَ لَهُمْ أَنَّهُمْ أَصْحَابُ الْجَحِيمِ
Мушриктердин күнөөсүн сурап дуба кылуу пайгамбар менен ыймандуу адамдарга — эгер (ал мушрик) жакын тууганы болсо да — эч мүмкүн эмес, алардын тозоку болгону маалым болгондон кийин
وَمَا كَانَ اسْتِغْفَارُ إِبْرَاهِيمَ لِأَبِيهِ إِلَّا عَنْ مَوْعِدَةٍ وَعَدَهَا إِيَّاهُ فَلَمَّا تَبَيَّنَ لَهُ أَنَّهُ عَدُوٌّ لِلَّهِ تَبَرَّأَ مِنْهُ ۚ إِنَّ إِبْرَاهِيمَ لَأَوَّاهٌ حَلِيمٌ
Ибрахим атасынын күнөөсүн сураган болсо, ага берген убадасы бар эле.! Качан ага атасы Аллаһтын душманы экени билингенде, андан «кол жууду». Чынында, Ибрахим Раббисине кайтуучу, ырайымдуу эле
وَمَا كَانَ اللَّهُ لِيُضِلَّ قَوْمًا بَعْدَ إِذْ هَدَاهُمْ حَتَّىٰ يُبَيِّنَ لَهُمْ مَا يَتَّقُونَ ۚ إِنَّ اللَّهَ بِكُلِّ شَيْءٍ عَلِيمٌ
Аллаһ (эч бир) коомду Туура Жолго баштагандан кийин, качан аларга сактануучу нерселерин анык баяндап бермейинче адаштырбайт. (Аллаһ “сактангыла” деген күнөөлөрдөн сактанбай коюшса гана адаштырат). Албетте, Аллаһ - ар бир нерсени Билүүчү

Choose other languages: