Quran Apps in many lanuages:

Surah Ash-Shura Ayahs #47 Translated in Kyrgyz

وَلَمَنْ صَبَرَ وَغَفَرَ إِنَّ ذَٰلِكَ لَمِنْ عَزْمِ الْأُمُورِ
Кимде-ким (зулумга) сабыр кылса жана (заалымды) кечирсе — бул өтө улук иштерден
وَمَنْ يُضْلِلِ اللَّهُ فَمَا لَهُ مِنْ وَلِيٍّ مِنْ بَعْدِهِ ۗ وَتَرَى الظَّالِمِينَ لَمَّا رَأَوُا الْعَذَابَ يَقُولُونَ هَلْ إِلَىٰ مَرَدٍّ مِنْ سَبِيلٍ
Ал эми, Аллаһ кимди адаштырып койсо, Андан (Аллаһтан) кийин ал үчүн эч бир дос-башчы калбайт. Жана сен заалымдарды, (Кыяматтагы) азапты көргөндө «(дүйнөгө) кайтууга жол бар бекен?!» деп какшап калгандарын көрөсүң
وَتَرَاهُمْ يُعْرَضُونَ عَلَيْهَا خَاشِعِينَ مِنَ الذُّلِّ يَنْظُرُونَ مِنْ طَرْفٍ خَفِيٍّ ۗ وَقَالَ الَّذِينَ آمَنُوا إِنَّ الْخَاسِرِينَ الَّذِينَ خَسِرُوا أَنْفُسَهُمْ وَأَهْلِيهِمْ يَوْمَ الْقِيَامَةِ ۗ أَلَا إِنَّ الظَّالِمِينَ فِي عَذَابٍ مُقِيمٍ
Жана сен аларды, кордуктан моюндарын шылкыйткан абалда, (тозокко) көз кырын таштап, азапка алып келингенин көрөсүң. (Ошондо) ыймандуу адамдар айтат: «Чынында зыян тарткандар — алар Кыямат Күнү өздөрүнө жана үй-бүлөсүнө зыян жеткиргендер!» Көңүл бургула! Аныгында, заалымдар үзгүлтүксүз азапта
وَمَا كَانَ لَهُمْ مِنْ أَوْلِيَاءَ يَنْصُرُونَهُمْ مِنْ دُونِ اللَّهِ ۗ وَمَنْ يُضْلِلِ اللَّهُ فَمَا لَهُ مِنْ سَبِيلٍ
Аларга Аллаһтан башка достору («кудайлары») жардам бере албайт. Аллаһ кимди адаштырса ал үчүн (кутулууга) жол жок
اسْتَجِيبُوا لِرَبِّكُمْ مِنْ قَبْلِ أَنْ يَأْتِيَ يَوْمٌ لَا مَرَدَّ لَهُ مِنَ اللَّهِ ۚ مَا لَكُمْ مِنْ مَلْجَإٍ يَوْمَئِذٍ وَمَا لَكُمْ مِنْ نَكِيرٍ
(Артка) кайтарууга мүмкүн болбогон Күн, Аллаһ (Таала) тарабынан келип калганга чейин Раббиңерге жооп кайтарып (буйруктарын аткарып) калгыла! Ал күндө силерге (Аллаһтын азабынан) каччу жер, кайтаруучу (аскер) болбойт

Choose other languages: