Quran Apps in many lanuages:

Surah Ash-Shura Ayahs #46 Translated in Kyrgyz

إِنَّمَا السَّبِيلُ عَلَى الَّذِينَ يَظْلِمُونَ النَّاسَ وَيَبْغُونَ فِي الْأَرْضِ بِغَيْرِ الْحَقِّ ۚ أُولَٰئِكَ لَهُمْ عَذَابٌ أَلِيمٌ
(Күнөөлөш үчүн) жол, (өзүнө зулум кылган), адамдарга (ашыкча) зулум кылган, жер бетинде акыйкатсыздык менен зордук-зомбулук кылган адамдарга каршы (ачылат). Андай адамдарга жан ооруткан азап бар
وَلَمَنْ صَبَرَ وَغَفَرَ إِنَّ ذَٰلِكَ لَمِنْ عَزْمِ الْأُمُورِ
Кимде-ким (зулумга) сабыр кылса жана (заалымды) кечирсе — бул өтө улук иштерден
وَمَنْ يُضْلِلِ اللَّهُ فَمَا لَهُ مِنْ وَلِيٍّ مِنْ بَعْدِهِ ۗ وَتَرَى الظَّالِمِينَ لَمَّا رَأَوُا الْعَذَابَ يَقُولُونَ هَلْ إِلَىٰ مَرَدٍّ مِنْ سَبِيلٍ
Ал эми, Аллаһ кимди адаштырып койсо, Андан (Аллаһтан) кийин ал үчүн эч бир дос-башчы калбайт. Жана сен заалымдарды, (Кыяматтагы) азапты көргөндө «(дүйнөгө) кайтууга жол бар бекен?!» деп какшап калгандарын көрөсүң
وَتَرَاهُمْ يُعْرَضُونَ عَلَيْهَا خَاشِعِينَ مِنَ الذُّلِّ يَنْظُرُونَ مِنْ طَرْفٍ خَفِيٍّ ۗ وَقَالَ الَّذِينَ آمَنُوا إِنَّ الْخَاسِرِينَ الَّذِينَ خَسِرُوا أَنْفُسَهُمْ وَأَهْلِيهِمْ يَوْمَ الْقِيَامَةِ ۗ أَلَا إِنَّ الظَّالِمِينَ فِي عَذَابٍ مُقِيمٍ
Жана сен аларды, кордуктан моюндарын шылкыйткан абалда, (тозокко) көз кырын таштап, азапка алып келингенин көрөсүң. (Ошондо) ыймандуу адамдар айтат: «Чынында зыян тарткандар — алар Кыямат Күнү өздөрүнө жана үй-бүлөсүнө зыян жеткиргендер!» Көңүл бургула! Аныгында, заалымдар үзгүлтүксүз азапта
وَمَا كَانَ لَهُمْ مِنْ أَوْلِيَاءَ يَنْصُرُونَهُمْ مِنْ دُونِ اللَّهِ ۗ وَمَنْ يُضْلِلِ اللَّهُ فَمَا لَهُ مِنْ سَبِيلٍ
Аларга Аллаһтан башка достору («кудайлары») жардам бере албайт. Аллаһ кимди адаштырса ал үчүн (кутулууга) жол жок

Choose other languages: