Quran Apps in many lanuages:

Surah Ash-Shura Ayahs #50 Translated in Kyrgyz

وَمَا كَانَ لَهُمْ مِنْ أَوْلِيَاءَ يَنْصُرُونَهُمْ مِنْ دُونِ اللَّهِ ۗ وَمَنْ يُضْلِلِ اللَّهُ فَمَا لَهُ مِنْ سَبِيلٍ
Аларга Аллаһтан башка достору («кудайлары») жардам бере албайт. Аллаһ кимди адаштырса ал үчүн (кутулууга) жол жок
اسْتَجِيبُوا لِرَبِّكُمْ مِنْ قَبْلِ أَنْ يَأْتِيَ يَوْمٌ لَا مَرَدَّ لَهُ مِنَ اللَّهِ ۚ مَا لَكُمْ مِنْ مَلْجَإٍ يَوْمَئِذٍ وَمَا لَكُمْ مِنْ نَكِيرٍ
(Артка) кайтарууга мүмкүн болбогон Күн, Аллаһ (Таала) тарабынан келип калганга чейин Раббиңерге жооп кайтарып (буйруктарын аткарып) калгыла! Ал күндө силерге (Аллаһтын азабынан) каччу жер, кайтаруучу (аскер) болбойт
فَإِنْ أَعْرَضُوا فَمَا أَرْسَلْنَاكَ عَلَيْهِمْ حَفِيظًا ۖ إِنْ عَلَيْكَ إِلَّا الْبَلَاغُ ۗ وَإِنَّا إِذَا أَذَقْنَا الْإِنْسَانَ مِنَّا رَحْمَةً فَرِحَ بِهَا ۖ وَإِنْ تُصِبْهُمْ سَيِّئَةٌ بِمَا قَدَّمَتْ أَيْدِيهِمْ فَإِنَّ الْإِنْسَانَ كَفُورٌ
Эгер алар жүз үйрүп кетишсе (жөн кой). Биз сени аларга сакчы кылып жибербедик. Сенин милдетиң жеткирүүдөн гана турат. Биз эгер инсанга Өз ырайымыбызды(н даамын) таттырсак, аны менен сүйүнүп (оолугуп) калат. Ал эми өзү жасаган кылмыштары себептүү бир кайгы жетсе, чынында, инсан шүгүрсүз (экенин көргөзөт)
لِلَّهِ مُلْكُ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ ۚ يَخْلُقُ مَا يَشَاءُ ۚ يَهَبُ لِمَنْ يَشَاءُ إِنَاثًا وَيَهَبُ لِمَنْ يَشَاءُ الذُّكُورَ
Асмандар жана жер(дин бардык) мүлкү Аллаһка таандык. Каалаган нерсесин жаратат. Каалаган пендесине уул-перзент берет, каалаган пендесине кыз-перзент берет
أَوْ يُزَوِّجُهُمْ ذُكْرَانًا وَإِنَاثًا ۖ وَيَجْعَلُ مَنْ يَشَاءُ عَقِيمًا ۚ إِنَّهُ عَلِيمٌ قَدِيرٌ
Же болбосо, перзенттерди уул-кызынан жуп-жуп (эгиз) кылып берет жана каалаган пендесин тукумсуз кылат. Чынында, Ал Билүүчү, Кудуреттүү

Choose other languages: