Quran Apps in many lanuages:

Surah Ash-Shura Ayahs #53 Translated in Kyrgyz

لِلَّهِ مُلْكُ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ ۚ يَخْلُقُ مَا يَشَاءُ ۚ يَهَبُ لِمَنْ يَشَاءُ إِنَاثًا وَيَهَبُ لِمَنْ يَشَاءُ الذُّكُورَ
Асмандар жана жер(дин бардык) мүлкү Аллаһка таандык. Каалаган нерсесин жаратат. Каалаган пендесине уул-перзент берет, каалаган пендесине кыз-перзент берет
أَوْ يُزَوِّجُهُمْ ذُكْرَانًا وَإِنَاثًا ۖ وَيَجْعَلُ مَنْ يَشَاءُ عَقِيمًا ۚ إِنَّهُ عَلِيمٌ قَدِيرٌ
Же болбосо, перзенттерди уул-кызынан жуп-жуп (эгиз) кылып берет жана каалаган пендесин тукумсуз кылат. Чынында, Ал Билүүчү, Кудуреттүү
وَمَا كَانَ لِبَشَرٍ أَنْ يُكَلِّمَهُ اللَّهُ إِلَّا وَحْيًا أَوْ مِنْ وَرَاءِ حِجَابٍ أَوْ يُرْسِلَ رَسُولًا فَيُوحِيَ بِإِذْنِهِ مَا يَشَاءُ ۚ إِنَّهُ عَلِيٌّ حَكِيمٌ
Адамзатка Аллаһ сүйлөбөйт. Бир гана (Өз пайгамбарына) вахий-илхам иретинде, же парданын артынан сүйлөйт. Же болбосо, (периштеден) элчи жиберет. Анан ал, Өзүнүн уруксаты менен (пайгамбарга) Аллаһ каалаган сөздү вахий кылат. Ал эң Жогорку (жана) Даанышман
وَكَذَٰلِكَ أَوْحَيْنَا إِلَيْكَ رُوحًا مِنْ أَمْرِنَا ۚ مَا كُنْتَ تَدْرِي مَا الْكِتَابُ وَلَا الْإِيمَانُ وَلَٰكِنْ جَعَلْنَاهُ نُورًا نَهْدِي بِهِ مَنْ نَشَاءُ مِنْ عِبَادِنَا ۚ وَإِنَّكَ لَتَهْدِي إِلَىٰ صِرَاطٍ مُسْتَقِيمٍ
Ошентип, Биз сага Өз буйругубуз менен Рухту (Кураанды) вахий кылдык. Сен (мындан мурун) не китеп, не ыйман эмне экенин билбейт элең. Бирок Биз аны (элдер үчүн) Нур кылып, аны менен каалаган пендебизди Туура Жолго баштайбыз. Жана сен дагы (Кураан Нуру менен) Туура Жолго баштайсың
صِرَاطِ اللَّهِ الَّذِي لَهُ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَمَا فِي الْأَرْضِ ۗ أَلَا إِلَى اللَّهِ تَصِيرُ الْأُمُورُ
Аллаһтын жолуна. Асмандардагы жана жердеги бардык нерселер Аныкы! Көңүл бургула! Бардык иштер Аллаһка кайтат

Choose other languages: