Quran Apps in many lanuages:

Surah As-Sajda Ayahs #30 Translated in Kyrgyz

أَوَلَمْ يَهْدِ لَهُمْ كَمْ أَهْلَكْنَا مِنْ قَبْلِهِمْ مِنَ الْقُرُونِ يَمْشُونَ فِي مَسَاكِنِهِمْ ۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَآيَاتٍ ۖ أَفَلَا يَسْمَعُونَ
Аларга чейин нечендеген (каапыр) муундарды (өз пайгамбарын «жалганчы» дегени себептүү) кырып-жоюп салганыбыз аларды Туура Жолго баштабайбы?! Ошолордун жашаган жерлеринен (ары-бери) өтүп жүрүшөт го?! Чынында, бул нерседе (Аллаһтын кудуретине) чоң белгилер бар. (Аллаһтын аяттарына) кулак салышпайбы
أَوَلَمْ يَرَوْا أَنَّا نَسُوقُ الْمَاءَ إِلَى الْأَرْضِ الْجُرُزِ فَنُخْرِجُ بِهِ زَرْعًا تَأْكُلُ مِنْهُ أَنْعَامُهُمْ وَأَنْفُسُهُمْ ۖ أَفَلَا يُبْصِرُونَ
Алар ойлонушпайбы, Биз суусаган жерге суу айдап, аны менен өздөрү жана айбандары жей турган өсүмдүктөрдү чыгардык. (Кудуретибизди) көрүшпөйбү
وَيَقُولُونَ مَتَىٰ هَٰذَا الْفَتْحُ إِنْ كُنْتُمْ صَادِقِينَ
Жана (момундарга): «Эгер чынчыл болсоңор (айткылачы), бул ачылыш! (Кыямат) качан болот?»-дешет
قُلْ يَوْمَ الْفَتْحِ لَا يَنْفَعُ الَّذِينَ كَفَرُوا إِيمَانُهُمْ وَلَا هُمْ يُنْظَرُونَ
Айткын: «Ачылыш (Кыямат) күнү каапырларга ыймандары пайда бербейт жана аларга (тооба кылуу үчүн) да мөөнөт берилбейт
فَأَعْرِضْ عَنْهُمْ وَانْتَظِرْ إِنَّهُمْ مُنْتَظِرُونَ
(О, Мухаммад!) Сен алардан жүзүңдү бур жана күтө бер алар да күтүп жатышат

Choose other languages: