Quran Apps in many lanuages:

Surah As-Sajda Ayahs #20 Translated in Kyrgyz

تَتَجَافَىٰ جُنُوبُهُمْ عَنِ الْمَضَاجِعِ يَدْعُونَ رَبَّهُمْ خَوْفًا وَطَمَعًا وَمِمَّا رَزَقْنَاهُمْ يُنْفِقُونَ
Алардын жамбаштары (өздөрү) жатаар орундарынан ыраак (көбүнчө ибадатта) болушат (жана) коркуп, үмүт кылып Раббисине дуба кылышат. Жана Биз ырыскы кылып берген нерселерден садака кылышат
فَلَا تَعْلَمُ نَفْسٌ مَا أُخْفِيَ لَهُمْ مِنْ قُرَّةِ أَعْيُنٍ جَزَاءً بِمَا كَانُوا يَعْمَلُونَ
Эч бир (момун) жан, жасаган (жакшы) иштери үчүн өздөрүнө (Бейиште) жашыруун даярдап коюлган кубанычтарды билбейт
أَفَمَنْ كَانَ مُؤْمِنًا كَمَنْ كَانَ فَاسِقًا ۚ لَا يَسْتَوُونَ
Момун (пакиза) адамдар бузук (күнөөкөр) адамга окшойбу? Жок, тең болбойт
أَمَّا الَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ فَلَهُمْ جَنَّاتُ الْمَأْوَىٰ نُزُلًا بِمَا كَانُوا يَعْمَلُونَ
Ал эми, ыйман келтирип, салих амал кылган адамдар үчүн Бейиш орундары бар. Жасаган амалдарына жараша зыяпат иретинде
وَأَمَّا الَّذِينَ فَسَقُوا فَمَأْوَاهُمُ النَّارُ ۖ كُلَّمَا أَرَادُوا أَنْ يَخْرُجُوا مِنْهَا أُعِيدُوا فِيهَا وَقِيلَ لَهُمْ ذُوقُوا عَذَابَ النَّارِ الَّذِي كُنْتُمْ بِهِ تُكَذِّبُونَ
Бузук (каапыр) адамдардын жайы-тозок! Ар качан андан чыгууга аракеттенишсе, ага кайтарылышат жана аларга: «Өзүңөр «жалган» деген тозоктун азабын таткыла!»-деп айтылат

Choose other languages: