Quran Apps in many lanuages:

Surah As-Sajda Ayahs #22 Translated in Kyrgyz

أَفَمَنْ كَانَ مُؤْمِنًا كَمَنْ كَانَ فَاسِقًا ۚ لَا يَسْتَوُونَ
Момун (пакиза) адамдар бузук (күнөөкөр) адамга окшойбу? Жок, тең болбойт
أَمَّا الَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ فَلَهُمْ جَنَّاتُ الْمَأْوَىٰ نُزُلًا بِمَا كَانُوا يَعْمَلُونَ
Ал эми, ыйман келтирип, салих амал кылган адамдар үчүн Бейиш орундары бар. Жасаган амалдарына жараша зыяпат иретинде
وَأَمَّا الَّذِينَ فَسَقُوا فَمَأْوَاهُمُ النَّارُ ۖ كُلَّمَا أَرَادُوا أَنْ يَخْرُجُوا مِنْهَا أُعِيدُوا فِيهَا وَقِيلَ لَهُمْ ذُوقُوا عَذَابَ النَّارِ الَّذِي كُنْتُمْ بِهِ تُكَذِّبُونَ
Бузук (каапыр) адамдардын жайы-тозок! Ар качан андан чыгууга аракеттенишсе, ага кайтарылышат жана аларга: «Өзүңөр «жалган» деген тозоктун азабын таткыла!»-деп айтылат
وَلَنُذِيقَنَّهُمْ مِنَ الْعَذَابِ الْأَدْنَىٰ دُونَ الْعَذَابِ الْأَكْبَرِ لَعَلَّهُمْ يَرْجِعُونَ
Жана эч бир шексиз Биз аларга чоң азапка чейин, жакыныраак (төмөнүрөөк) азапты да таттырабыз. Кана эми, (ушуну ойлоп күнөөлөрүнөн) кайтышса
وَمَنْ أَظْلَمُ مِمَّنْ ذُكِّرَ بِآيَاتِ رَبِّهِ ثُمَّ أَعْرَضَ عَنْهَا ۚ إِنَّا مِنَ الْمُجْرِمِينَ مُنْتَقِمُونَ
Раббисинин аяттары эскертилгенден соң алардан жүз буруп кеткен адамдан өткөн заалым (каапыр) барбы?! Биз албетте, кылмышкер адамдардан өч алабыз

Choose other languages: