Quran Apps in many lanuages:

Surah As-Sajda Ayahs #24 Translated in Kyrgyz

وَأَمَّا الَّذِينَ فَسَقُوا فَمَأْوَاهُمُ النَّارُ ۖ كُلَّمَا أَرَادُوا أَنْ يَخْرُجُوا مِنْهَا أُعِيدُوا فِيهَا وَقِيلَ لَهُمْ ذُوقُوا عَذَابَ النَّارِ الَّذِي كُنْتُمْ بِهِ تُكَذِّبُونَ
Бузук (каапыр) адамдардын жайы-тозок! Ар качан андан чыгууга аракеттенишсе, ага кайтарылышат жана аларга: «Өзүңөр «жалган» деген тозоктун азабын таткыла!»-деп айтылат
وَلَنُذِيقَنَّهُمْ مِنَ الْعَذَابِ الْأَدْنَىٰ دُونَ الْعَذَابِ الْأَكْبَرِ لَعَلَّهُمْ يَرْجِعُونَ
Жана эч бир шексиз Биз аларга чоң азапка чейин, жакыныраак (төмөнүрөөк) азапты да таттырабыз. Кана эми, (ушуну ойлоп күнөөлөрүнөн) кайтышса
وَمَنْ أَظْلَمُ مِمَّنْ ذُكِّرَ بِآيَاتِ رَبِّهِ ثُمَّ أَعْرَضَ عَنْهَا ۚ إِنَّا مِنَ الْمُجْرِمِينَ مُنْتَقِمُونَ
Раббисинин аяттары эскертилгенден соң алардан жүз буруп кеткен адамдан өткөн заалым (каапыр) барбы?! Биз албетте, кылмышкер адамдардан өч алабыз
وَلَقَدْ آتَيْنَا مُوسَى الْكِتَابَ فَلَا تَكُنْ فِي مِرْيَةٍ مِنْ لِقَائِهِ ۖ وَجَعَلْنَاهُ هُدًى لِبَنِي إِسْرَائِيلَ
Биз чынында Мусага Китепти (Тооратты) бердик. (О, Мухаммад!) сен анын (Тооратка) жолукканы жөнүндө шек-күмөндө болбогун! Биз Тооратты Исрайил урпактарына хидаят (Туура Жол) кылдык
وَجَعَلْنَا مِنْهُمْ أَئِمَّةً يَهْدُونَ بِأَمْرِنَا لَمَّا صَبَرُوا ۖ وَكَانُوا بِآيَاتِنَا يُوقِنُونَ
Жана Биз Исрайил урпактарынын арасынан, сабырдуулук көргөзгөн мезгилдеринде, Туура Жолго баштаган жолбашчы-имамдарды чыгардык. Алар Биздин аяттарыбызга бекем ишенишчү

Choose other languages: