Quran Apps in many lanuages:

Surah As-Saff Ayahs #11 Translated in Kyrgyz

وَمَنْ أَظْلَمُ مِمَّنِ افْتَرَىٰ عَلَى اللَّهِ الْكَذِبَ وَهُوَ يُدْعَىٰ إِلَى الْإِسْلَامِ ۚ وَاللَّهُ لَا يَهْدِي الْقَوْمَ الظَّالِمِينَ
Исламга чакырылганда Аллаһка жалаа жапкан адамдан заалымыраак ким бар?! Аллаһ заалым адамдарды Туура Жолго баштабайт
يُرِيدُونَ لِيُطْفِئُوا نُورَ اللَّهِ بِأَفْوَاهِهِمْ وَاللَّهُ مُتِمُّ نُورِهِ وَلَوْ كَرِهَ الْكَافِرُونَ
Аллаһтын Нурун ооздору менен (үйлөп) өчүрүүнү каалашат! Бирок, каапырлар жаман көргөнү менен Аллаһ Өзүнүн Нурун толук (бүт ааламга) жеткирет
هُوَ الَّذِي أَرْسَلَ رَسُولَهُ بِالْهُدَىٰ وَدِينِ الْحَقِّ لِيُظْهِرَهُ عَلَى الدِّينِ كُلِّهِ وَلَوْ كَرِهَ الْمُشْرِكُونَ
Ал Өзүнүн пайгамбарын Туура Жол жана Акыйкат Дин менен — ал динди бардык диндерден үстөм кылуу үчүн — жиберди?. Эгер мушриктер жаман көрсө да
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا هَلْ أَدُلُّكُمْ عَلَىٰ تِجَارَةٍ تُنْجِيكُمْ مِنْ عَذَابٍ أَلِيمٍ
О, ыйман келтиргендер! Мен силерди жан ооруткан азаптан сактап калчу «соодага» баштайынбы
تُؤْمِنُونَ بِاللَّهِ وَرَسُولِهِ وَتُجَاهِدُونَ فِي سَبِيلِ اللَّهِ بِأَمْوَالِكُمْ وَأَنْفُسِكُمْ ۚ ذَٰلِكُمْ خَيْرٌ لَكُمْ إِنْ كُنْتُمْ تَعْلَمُونَ
(Ал соода төмөндөгүчө:) Аллаһка жана Анын пайгамбарына ыйман келтиресиңер, Аллаһтын Жолунда малыңар жана жаныңар менен жихад кыласыңар. Ушул силер үчүн жакшы (соода) эгер билсеңер

Choose other languages: