Quran Apps in many lanuages:

Surah Ar-Rad Ayahs #12 Translated in Kyrgyz

اللَّهُ يَعْلَمُ مَا تَحْمِلُ كُلُّ أُنْثَىٰ وَمَا تَغِيضُ الْأَرْحَامُ وَمَا تَزْدَادُ ۖ وَكُلُّ شَيْءٍ عِنْدَهُ بِمِقْدَارٍ
Аллаһар бир ургаачынын боюна көтөргөнүн жана жатындар (мөөнөтүнө жеткирбей, өлүк же тирүү абалда) «таштап койгон» жана мөөнөтүнөн өткөрүп төрөгөн нерселерди (да) билет. Ар бир нерсе Анын алдында эсептелүү
عَالِمُ الْغَيْبِ وَالشَّهَادَةِ الْكَبِيرُ الْمُتَعَالِ
Ал көрүнгөндү да, көмүскөнү (кайыпты) да Билүүчү, Улук, Жогорку
سَوَاءٌ مِنْكُمْ مَنْ أَسَرَّ الْقَوْلَ وَمَنْ جَهَرَ بِهِ وَمَنْ هُوَ مُسْتَخْفٍ بِاللَّيْلِ وَسَارِبٌ بِالنَّهَارِ
Силердин араңардан сөздү сыр туткан менен ашкере сүйлөгөн, түндөсү жашынып жаткан менен күндүзү жашынып жүргөн адам (Аллаһтын алдында) бирдей (белгилүү)
لَهُ مُعَقِّبَاتٌ مِنْ بَيْنِ يَدَيْهِ وَمِنْ خَلْفِهِ يَحْفَظُونَهُ مِنْ أَمْرِ اللَّهِ ۗ إِنَّ اللَّهَ لَا يُغَيِّرُ مَا بِقَوْمٍ حَتَّىٰ يُغَيِّرُوا مَا بِأَنْفُسِهِمْ ۗ وَإِذَا أَرَادَ اللَّهُ بِقَوْمٍ سُوءًا فَلَا مَرَدَّ لَهُ ۚ وَمَا لَهُمْ مِنْ دُونِهِ مِنْ وَالٍ
Ал (адам) үчүн алдынан, аркасынан күзөтүүчүлөр (периштелер) бар. Алар Аллаһтын буйругу менен аны коргоп-сактап жүрүшөт. Чынында, Аллаһ эч бир коомду(н жашоосун) качан алар өздөрүндөгү нерсени (ишенимди) өзгөртмөйүнчө өзгөрпөйт. Эгер Аллаһ бир коомго жамандыкты кааласа, аны эч ким кайтара албайт. Адамдар үчүн Аллаһтан башка Өкүмдар жок
هُوَ الَّذِي يُرِيكُمُ الْبَرْقَ خَوْفًا وَطَمَعًا وَيُنْشِئُ السَّحَابَ الثِّقَالَ
Ал (Аллаһ) Силерге чагылганды (анын зыян келтирүүсүнөн) корккон жана (пайдасынан) үмүт кылган абалыңарда көргөзөт жана (жамгыры менен) оор болгон булуттарды жаратат

Choose other languages: