Quran Apps in many lanuages:

Surah Ar-Rad Ayahs #15 Translated in Kyrgyz

لَهُ مُعَقِّبَاتٌ مِنْ بَيْنِ يَدَيْهِ وَمِنْ خَلْفِهِ يَحْفَظُونَهُ مِنْ أَمْرِ اللَّهِ ۗ إِنَّ اللَّهَ لَا يُغَيِّرُ مَا بِقَوْمٍ حَتَّىٰ يُغَيِّرُوا مَا بِأَنْفُسِهِمْ ۗ وَإِذَا أَرَادَ اللَّهُ بِقَوْمٍ سُوءًا فَلَا مَرَدَّ لَهُ ۚ وَمَا لَهُمْ مِنْ دُونِهِ مِنْ وَالٍ
Ал (адам) үчүн алдынан, аркасынан күзөтүүчүлөр (периштелер) бар. Алар Аллаһтын буйругу менен аны коргоп-сактап жүрүшөт. Чынында, Аллаһ эч бир коомду(н жашоосун) качан алар өздөрүндөгү нерсени (ишенимди) өзгөртмөйүнчө өзгөрпөйт. Эгер Аллаһ бир коомго жамандыкты кааласа, аны эч ким кайтара албайт. Адамдар үчүн Аллаһтан башка Өкүмдар жок
هُوَ الَّذِي يُرِيكُمُ الْبَرْقَ خَوْفًا وَطَمَعًا وَيُنْشِئُ السَّحَابَ الثِّقَالَ
Ал (Аллаһ) Силерге чагылганды (анын зыян келтирүүсүнөн) корккон жана (пайдасынан) үмүт кылган абалыңарда көргөзөт жана (жамгыры менен) оор болгон булуттарды жаратат
وَيُسَبِّحُ الرَّعْدُ بِحَمْدِهِ وَالْمَلَائِكَةُ مِنْ خِيفَتِهِ وَيُرْسِلُ الصَّوَاعِقَ فَيُصِيبُ بِهَا مَنْ يَشَاءُ وَهُمْ يُجَادِلُونَ فِي اللَّهِ وَهُوَ شَدِيدُ الْمِحَالِ
Ага күркүрөк дагы тасбих (мактоо) айтат жана периштелер да Ага корккондору себептүү тасбих айтышат. Ал (сыгылган булуттардын арасынан) чагылган жиберип, Аллаһ жөнүндө талашып турган кезинде аны менен Өзү каалаган адамдарды урат. Ал — Кудурети күчтүү Зат
لَهُ دَعْوَةُ الْحَقِّ ۖ وَالَّذِينَ يَدْعُونَ مِنْ دُونِهِ لَا يَسْتَجِيبُونَ لَهُمْ بِشَيْءٍ إِلَّا كَبَاسِطِ كَفَّيْهِ إِلَى الْمَاءِ لِيَبْلُغَ فَاهُ وَمَا هُوَ بِبَالِغِهِ ۚ وَمَا دُعَاءُ الْكَافِرِينَ إِلَّا فِي ضَلَالٍ
Чыныгы дуба (ибадаттар) Өзүнө гана ылайык! Дуба кылып жаткан Аллаһтан башка «кудайлары» аларды(н дубаларын) укпайт. Алар оозуна жетиши үчүн сууга алакан созуп, бирок суу ага жетпей турган кишиге окшойт.! Каапырлардын дубасы (ар дайым) адашуучулукта
وَلِلَّهِ يَسْجُدُ مَنْ فِي السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ طَوْعًا وَكَرْهًا وَظِلَالُهُمْ بِالْغُدُوِّ وَالْآصَالِ ۩
Асмандарда жана, жерде болгондун бардыгы кааласа да, каалабаса да Аллаһка сажда кылышат?” Эрте менен жана кечинде Аллаһка алардын (бардык нерсенин) көлөкөлөрү да (ийилип) сажда кылышат

Choose other languages: