Quran Apps in many lanuages:

Surah An-Nisa Ayahs #167 Translated in Kyrgyz

إِنَّا أَوْحَيْنَا إِلَيْكَ كَمَا أَوْحَيْنَا إِلَىٰ نُوحٍ وَالنَّبِيِّينَ مِنْ بَعْدِهِ ۚ وَأَوْحَيْنَا إِلَىٰ إِبْرَاهِيمَ وَإِسْمَاعِيلَ وَإِسْحَاقَ وَيَعْقُوبَ وَالْأَسْبَاطِ وَعِيسَىٰ وَأَيُّوبَ وَيُونُسَ وَهَارُونَ وَسُلَيْمَانَ ۚ وَآتَيْنَا دَاوُودَ زَبُورًا
Чынында, Биз Нухка жана андан кийинки пайгамбарларга вахий жибергенибиз сыяктуу сага да вахий жибердик. Жана Биз Ибрахимге, Ысмайылга, Исхакка, Яькубга жана андан тараган (пайгамбар) урпактарга, Ыйсага, Айюбга, Юнуска, Харунга жана Сулайманга вахий жибергенбиз. Ошондой эле, Даудка Забур (китептерин) бергенбиз
وَرُسُلًا قَدْ قَصَصْنَاهُمْ عَلَيْكَ مِنْ قَبْلُ وَرُسُلًا لَمْ نَقْصُصْهُمْ عَلَيْكَ ۚ وَكَلَّمَ اللَّهُ مُوسَىٰ تَكْلِيمًا
Биз сага кээ бир пайгамбарлар жөнүндө мындан мурун икая кылып бердик жана кээ бир пайгамбарлар жөнүндө икая кылып бербедик.! Жана Аллаһ Мусага сүйлөдү
رُسُلًا مُبَشِّرِينَ وَمُنْذِرِينَ لِئَلَّا يَكُونَ لِلنَّاسِ عَلَى اللَّهِ حُجَّةٌ بَعْدَ الرُّسُلِ ۚ وَكَانَ اللَّهُ عَزِيزًا حَكِيمًا
(Кыяматта) адамдардын колунда Аллаһка каршы далил болуп калбаш үчүн (Биз) (ыйман келтиргендерге) Бейиштен сүйүнчү кабар берүүчү жана (каапыр болгондорду) тозок менен коркутуучу пайгамбарларды (бардык элдерге жибергенбиз). Аллаһ Кудуреттүү, Даанышман
لَٰكِنِ اللَّهُ يَشْهَدُ بِمَا أَنْزَلَ إِلَيْكَ ۖ أَنْزَلَهُ بِعِلْمِهِ ۖ وَالْمَلَائِكَةُ يَشْهَدُونَ ۚ وَكَفَىٰ بِاللَّهِ شَهِيدًا
Бирок, (о, Мухаммад!) сага (асмандан) түшүргөн нерсеге Аллаһ күбөлүк берет. Аны Аллаһ Өз илими менен түшүргөн. Дагы (сага түшүрүлгөн нерсеге) периштелер да күбөлүк берип жатышат. Аллаһ жетиштүү Күбө
إِنَّ الَّذِينَ كَفَرُوا وَصَدُّوا عَنْ سَبِيلِ اللَّهِ قَدْ ضَلُّوا ضَلَالًا بَعِيدًا
Албетте, каапыр болгон жана адамдарды Аллаһтын жолунан тоскондор эң катуу адашкан кишилер

Choose other languages: