Quran Apps in many lanuages:

Surah An-Nisa Ayahs #140 Translated in Kyrgyz

يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا آمِنُوا بِاللَّهِ وَرَسُولِهِ وَالْكِتَابِ الَّذِي نَزَّلَ عَلَىٰ رَسُولِهِ وَالْكِتَابِ الَّذِي أَنْزَلَ مِنْ قَبْلُ ۚ وَمَنْ يَكْفُرْ بِاللَّهِ وَمَلَائِكَتِهِ وَكُتُبِهِ وَرُسُلِهِ وَالْيَوْمِ الْآخِرِ فَقَدْ ضَلَّ ضَلَالًا بَعِيدًا
О, ыйман келтиргендер! Аллаһка, Анын пайгамбарына, (ошол) пайгамбарына түшүргөн Китепке андан мурун түшүргөн (бардык ыйык) китепке ыйман келтиргиле. Кимде-ким Аллаһка, анын периштелерине, китептерине, пайгамбарларына жана Акырет күнүнө ыйман келтирбесе, анын катуу адашканы
إِنَّ الَّذِينَ آمَنُوا ثُمَّ كَفَرُوا ثُمَّ آمَنُوا ثُمَّ كَفَرُوا ثُمَّ ازْدَادُوا كُفْرًا لَمْ يَكُنِ اللَّهُ لِيَغْفِرَ لَهُمْ وَلَا لِيَهْدِيَهُمْ سَبِيلًا
Чынында, ыйман келтиргенден кийин каапыр болгон, кийин дагы ыйман келтирген, андан кийин дагы каапыр болуп, каапырчылыгын күчөткөн адамдарды Аллаһ кечирбейт жана Туура Жолго баштабайт
بَشِّرِ الْمُنَافِقِينَ بِأَنَّ لَهُمْ عَذَابًا أَلِيمًا
(О, Мухаммад! момундарды таштап, каапырларды дос кылып алган) мунафыктарга жан сыздаткан азап жөнүндө “кушкабар” бер
الَّذِينَ يَتَّخِذُونَ الْكَافِرِينَ أَوْلِيَاءَ مِنْ دُونِ الْمُؤْمِنِينَ ۚ أَيَبْتَغُونَ عِنْدَهُمُ الْعِزَّةَ فَإِنَّ الْعِزَّةَ لِلَّهِ جَمِيعًا
Ыймандууларды таштап, каапырларды дос тутуп алгандар алардан күч-кубат сурап жатышабы?! Бардык күч-кудурет Аллаһтын алдында го
وَقَدْ نَزَّلَ عَلَيْكُمْ فِي الْكِتَابِ أَنْ إِذَا سَمِعْتُمْ آيَاتِ اللَّهِ يُكْفَرُ بِهَا وَيُسْتَهْزَأُ بِهَا فَلَا تَقْعُدُوا مَعَهُمْ حَتَّىٰ يَخُوضُوا فِي حَدِيثٍ غَيْرِهِ ۚ إِنَّكُمْ إِذًا مِثْلُهُمْ ۗ إِنَّ اللَّهَ جَامِعُ الْمُنَافِقِينَ وَالْكَافِرِينَ فِي جَهَنَّمَ جَمِيعًا
(О, момундар!) Аллаһ силерге Китепте “Эгер Аллаһтын аяттарына каршы сөз айтып же аны шылдың кылынып турганын уксаңар, качан башка сөзгө өтмөйүнчө алар менен отурбагыла!” - деген өкүмдү түшүргөн. (Эгер алар менен бирге отура берген болсоңор) анда, силер дагы ошолордун бири экенсиңер. Албетте, Аллаһ (силерге окшогон) эки жүздүү мунафыктардын бардыгын каапырлар менен кошуп тозокко чогултат

Choose other languages: