Quran Apps in many lanuages:

Surah An-Nisa Ayahs #132 Translated in Kyrgyz

وَإِنِ امْرَأَةٌ خَافَتْ مِنْ بَعْلِهَا نُشُوزًا أَوْ إِعْرَاضًا فَلَا جُنَاحَ عَلَيْهِمَا أَنْ يُصْلِحَا بَيْنَهُمَا صُلْحًا ۚ وَالصُّلْحُ خَيْرٌ ۗ وَأُحْضِرَتِ الْأَنْفُسُ الشُّحَّ ۚ وَإِنْ تُحْسِنُوا وَتَتَّقُوا فَإِنَّ اللَّهَ كَانَ بِمَا تَعْمَلُونَ خَبِيرًا
Эгер бир аял күйөөсүнүн өзүнө көңүлсүздүгүнөн жана таштап кетүүсүнөн корксо, эрди-катын экөөсү (аялдын демилгеси менен) бир келишимге келүүсүндө күнөө жок. Келишим жакшы нерсе. Жана жүрөктөр кызганычка даяр турат. Эгер жакшылык кылсаңар жана Аллаһтан корксоңор, Аллаһ бардык ишиңерден кабардар
وَلَنْ تَسْتَطِيعُوا أَنْ تَعْدِلُوا بَيْنَ النِّسَاءِ وَلَوْ حَرَصْتُمْ ۖ فَلَا تَمِيلُوا كُلَّ الْمَيْلِ فَتَذَرُوهَا كَالْمُعَلَّقَةِ ۚ وَإِنْ تُصْلِحُوا وَتَتَّقُوا فَإِنَّ اللَّهَ كَانَ غَفُورًا رَحِيمًا
(О, эркектер!) Канчалык умтулсаңар да, аялдар арасында адилет кылууга кудуретиңер жетпейт. Бирок, (жүрөгүңөр умтулганына) берилип албагыла жана (көңүлсүз болгонуңарды) күйөөсү таштап кеткен аял сыяктуу таштап койбогула. Эгер араны оңдосоңор жана такыба кылсаңар, Албетте, Аллаһ Кечиримдүү, Мээримдүү
وَإِنْ يَتَفَرَّقَا يُغْنِ اللَّهُ كُلًّا مِنْ سَعَتِهِ ۚ وَكَانَ اللَّهُ وَاسِعًا حَكِيمًا
Эгер (эрди-катын) ажырашып кетчү болсо, Аллаһ алардын ар бирин Өзүнүн Кеңдиги (пазилети) менен беймуктаж кылат. Жана Аллаһ пазилети Кең, Даанышман Зат
وَلِلَّهِ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَمَا فِي الْأَرْضِ ۗ وَلَقَدْ وَصَّيْنَا الَّذِينَ أُوتُوا الْكِتَابَ مِنْ قَبْلِكُمْ وَإِيَّاكُمْ أَنِ اتَّقُوا اللَّهَ ۚ وَإِنْ تَكْفُرُوا فَإِنَّ لِلَّهِ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَمَا فِي الْأَرْضِ ۚ وَكَانَ اللَّهُ غَنِيًّا حَمِيدًا
Асмандардагы жана Жердеги бардык нерселер Аллаһтын мүлкү. (О, момундар) Биз силерге да, силерден мурун китеп берилген элдерге да “Аллаһтан корккула” деп буюрганбыз. Эгер каапыр болсоңор (билип алгыла), асмандардагы жана Жердеги бардык нерселер Аллаһтын мүлкү! Аллаһ Беймуктаж жана Макталган
وَلِلَّهِ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَمَا فِي الْأَرْضِ ۚ وَكَفَىٰ بِاللَّهِ وَكِيلًا
Асмандардагы жана жердеги бардык нерселер Аллаһка таандык. (Бардыгы Аллаһка таянат) жана Аллаһ жетиштүү Сактоочу

Choose other languages: