Quran Apps in many lanuages:

Surah An-Nisa Ayahs #127 Translated in Kyrgyz

لَيْسَ بِأَمَانِيِّكُمْ وَلَا أَمَانِيِّ أَهْلِ الْكِتَابِ ۗ مَنْ يَعْمَلْ سُوءًا يُجْزَ بِهِ وَلَا يَجِدْ لَهُ مِنْ دُونِ اللَّهِ وَلِيًّا وَلَا نَصِيرًا
(Тозоктон кутулуу) силердин да, китеп ээлеринин да куру кыялдары менен эле боло калбайт. Ал эми, ким (кандай) күнөө иш жасаса, ошонун гана жазасын алат. Жана (жаза берилчү мезгилде) өзүнө Аллаһтан башка дос-жардамчы таппай калат
وَمَنْ يَعْمَلْ مِنَ الصَّالِحَاتِ مِنْ ذَكَرٍ أَوْ أُنْثَىٰ وَهُوَ مُؤْمِنٌ فَأُولَٰئِكَ يَدْخُلُونَ الْجَنَّةَ وَلَا يُظْلَمُونَ نَقِيرًا
Эркекпи же аялбы, кимде-ким жакшы иштерди жасаса жана ал ыймандуу болсо, (жасаган иштеринин) кыпындайына да зулум кылынбаган абалда Бейишке киришет
وَمَنْ أَحْسَنُ دِينًا مِمَّنْ أَسْلَمَ وَجْهَهُ لِلَّهِ وَهُوَ مُحْسِنٌ وَاتَّبَعَ مِلَّةَ إِبْرَاهِيمَ حَنِيفًا ۗ وَاتَّخَذَ اللَّهُ إِبْرَاهِيمَ خَلِيلًا
Аллаһтын Шариятын (бекем) кармап, ширктен таухидке бурулган абалда Ибрахимдин динине ээрчиген жана жүзүн (өзүн) Аллаһка толук моюн сундурган адамдын дининен да жакшыраак дин туткан адам барбы? Аллаһ Ибрахимди (Өзүнө) дос туткан
وَلِلَّهِ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَمَا فِي الْأَرْضِ ۚ وَكَانَ اللَّهُ بِكُلِّ شَيْءٍ مُحِيطًا
Жердеги жана асмандардагынын бардыгы Аллаһтын мүлкү. Аллаһ ар бир нерсени Ороп Алуучу
وَيَسْتَفْتُونَكَ فِي النِّسَاءِ ۖ قُلِ اللَّهُ يُفْتِيكُمْ فِيهِنَّ وَمَا يُتْلَىٰ عَلَيْكُمْ فِي الْكِتَابِ فِي يَتَامَى النِّسَاءِ اللَّاتِي لَا تُؤْتُونَهُنَّ مَا كُتِبَ لَهُنَّ وَتَرْغَبُونَ أَنْ تَنْكِحُوهُنَّ وَالْمُسْتَضْعَفِينَ مِنَ الْوِلْدَانِ وَأَنْ تَقُومُوا لِلْيَتَامَىٰ بِالْقِسْطِ ۚ وَمَا تَفْعَلُوا مِنْ خَيْرٍ فَإِنَّ اللَّهَ كَانَ بِهِ عَلِيمًا
(О, Мухаммад!) Сенден аялдар жөнүндө фатва (өкүм) сурашат. Айткын: “Аялдар жөнүндө силерге Аллаһ жана Китептеги жетим кыздар, алсыз-бечара (жетим) балдарга арнап окулган аяттар өкүм берет. (Жана силерди, сулуулугуна же байлыгына) кызыгып үйлөнүп алып, (кийин) аларга берилиши парыз кылынган махырды бербей койгон (жетим кыздардын укугун орундатууга) жана жетимдер үчүн адилет башчылык кылууга (буюрат). Кандай гана жакшылык кылсаңар да Аллаһ аны, албетте, Билүүчү

Choose other languages: