Quran Apps in many lanuages:

Surah An-Nahl Ayahs #71 Translated in Kyrgyz

وَمِنْ ثَمَرَاتِ النَّخِيلِ وَالْأَعْنَابِ تَتَّخِذُونَ مِنْهُ سَكَرًا وَرِزْقًا حَسَنًا ۗ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَآيَةً لِقَوْمٍ يَعْقِلُونَ
Дагы силер курмалардын, жүзүмдөрдүн мөмөлөрүнөн шарап? жана эң мыкты ырыскыларды аласыңар. Албетте, мында акылын иштеткен коом үчүн сабак бар
وَأَوْحَىٰ رَبُّكَ إِلَى النَّحْلِ أَنِ اتَّخِذِي مِنَ الْجِبَالِ بُيُوتًا وَمِنَ الشَّجَرِ وَمِمَّا يَعْرِشُونَ
(О, Мухаммад) Сенин Раббиң бал аарыга (мындай деп) илхам кылды: “Үйүңдү тоолорго, дарактарга, адамдар жасай турган уяларга кургун
ثُمَّ كُلِي مِنْ كُلِّ الثَّمَرَاتِ فَاسْلُكِي سُبُلَ رَبِّكِ ذُلُلًا ۚ يَخْرُجُ مِنْ بُطُونِهَا شَرَابٌ مُخْتَلِفٌ أَلْوَانُهُ فِيهِ شِفَاءٌ لِلنَّاسِ ۗ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَآيَةً لِقَوْمٍ يَتَفَكَّرُونَ
Андан кийин ар түрдүү мөмөлөрдөн жеп, Раббиң сен үчүн жасап койгон оңой-жеңил “жолдордон” (учуп) жүргүн!” Анын (аарынын) ичинен ар түрдүү ичиле турган (бал) чыгат. Анда адамдар үчүн шыпаа бар. Албетте, мында (бал аарынын жашоосунда) пикир жүргүзгөн адамдар үчүн сабак бар
وَاللَّهُ خَلَقَكُمْ ثُمَّ يَتَوَفَّاكُمْ ۚ وَمِنْكُمْ مَنْ يُرَدُّ إِلَىٰ أَرْذَلِ الْعُمُرِ لِكَيْ لَا يَعْلَمَ بَعْدَ عِلْمٍ شَيْئًا ۚ إِنَّ اللَّهَ عَلِيمٌ قَدِيرٌ
(О, инсандар), силерди Аллаһ жаратты. Кийин Өзү өлтүрөт. Силердин араңарда (бардык нерсени) билген соң эч нерсени билбей (эс-тутумун жоготуп) калышы үчүн эң төмөн жашоого (карылык мезгилге) кайтарылгандары да бар. Аллаһ — Билүүчү, Кудуреттүү
وَاللَّهُ فَضَّلَ بَعْضَكُمْ عَلَىٰ بَعْضٍ فِي الرِّزْقِ ۚ فَمَا الَّذِينَ فُضِّلُوا بِرَادِّي رِزْقِهِمْ عَلَىٰ مَا مَلَكَتْ أَيْمَانُهُمْ فَهُمْ فِيهِ سَوَاءٌ ۚ أَفَبِنِعْمَةِ اللَّهِ يَجْحَدُونَ
Аллаһ бирөөңөрдү башкаңардан ырыскыда (дүйнө-мүлктө) жогору кылды. Эми, ырыскысы бийик кылынгандар (өз каалоосу менен) кол астындагы кулдарына ырысын (тең) бөлүштүрүп берип, дүйнө мүлктө баары тең болуп калышы мүмкүнбү? Аллаһтын нээматын четке кагып жатышабы?!”

Choose other languages: