Quran Apps in many lanuages:

Surah An-Nahl Ayahs #56 Translated in Kyrgyz

وَلَهُ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ وَلَهُ الدِّينُ وَاصِبًا ۚ أَفَغَيْرَ اللَّهِ تَتَّقُونَ
(Анткени,) жер-асмандардагылардын бардыгы Анын мүлкү. Дин (ибадат-сыйынуу) дагы бүт бойдон Өзүнө гана таандык. Эмне, силер Аллаһдан башкадан коркосуңарбы
وَمَا بِكُمْ مِنْ نِعْمَةٍ فَمِنَ اللَّهِ ۖ ثُمَّ إِذَا مَسَّكُمُ الضُّرُّ فَإِلَيْهِ تَجْأَرُونَ
Силерде болгон (көрүнгөн жана көрүнбөгөн) нээматтардын бардыгы Аллаһдан. Кийин (силер, эй, мушриктер) өзүңөргө бир апаат-зыян жеткенде (гана) Аллаһка жалбаруудасыңар
ثُمَّ إِذَا كَشَفَ الضُّرَّ عَنْكُمْ إِذَا فَرِيقٌ مِنْكُمْ بِرَبِّهِمْ يُشْرِكُونَ
Анан, Өзү силерден балээни арылткан соң, бир тобуңар Раббисине (башкаларды) шерик кыла баштады
لِيَكْفُرُوا بِمَا آتَيْنَاهُمْ ۚ فَتَمَتَّعُوا ۖ فَسَوْفَ تَعْلَمُونَ
Биз берген нээматтарга шүгүр кылбай коюу үчүн. (Жыргал жашооңордон) пайдалана бергиле. Жакында (адашканыңарды) билип аласыңар
وَيَجْعَلُونَ لِمَا لَا يَعْلَمُونَ نَصِيبًا مِمَّا رَزَقْنَاهُمْ ۗ تَاللَّهِ لَتُسْأَلُنَّ عَمَّا كُنْتُمْ تَفْتَرُونَ
Жана (мушриктер) эч нерсени билбеген «кудайларына» Биз ырыскы кылып берген нерселерден үлүш ажыратышат.! Аллаһка ант, өзүңөр ойлоп тапкан (бул) жалгандар жөнүндө (Кыяматта) суракка тартыласыңар

Choose other languages: