Quran Apps in many lanuages:

Surah An-Nahl Ayahs #59 Translated in Kyrgyz

لِيَكْفُرُوا بِمَا آتَيْنَاهُمْ ۚ فَتَمَتَّعُوا ۖ فَسَوْفَ تَعْلَمُونَ
Биз берген нээматтарга шүгүр кылбай коюу үчүн. (Жыргал жашооңордон) пайдалана бергиле. Жакында (адашканыңарды) билип аласыңар
وَيَجْعَلُونَ لِمَا لَا يَعْلَمُونَ نَصِيبًا مِمَّا رَزَقْنَاهُمْ ۗ تَاللَّهِ لَتُسْأَلُنَّ عَمَّا كُنْتُمْ تَفْتَرُونَ
Жана (мушриктер) эч нерсени билбеген «кудайларына» Биз ырыскы кылып берген нерселерден үлүш ажыратышат.! Аллаһка ант, өзүңөр ойлоп тапкан (бул) жалгандар жөнүндө (Кыяматта) суракка тартыласыңар
وَيَجْعَلُونَ لِلَّهِ الْبَنَاتِ سُبْحَانَهُ ۙ وَلَهُمْ مَا يَشْتَهُونَ
Алар (“Периштелер Аллаһтын кыздары” деп) Аллаһка кыздарды таңуулашат. Аллаһ (перзенти болуудан) Таза! Өздөрүнө болсо жакканын (уул перзенттерди) арнашат
وَإِذَا بُشِّرَ أَحَدُهُمْ بِالْأُنْثَىٰ ظَلَّ وَجْهُهُ مُسْوَدًّا وَهُوَ كَظِيمٌ
Эгер бирөө-жарымы кыз перзент (көргөнү) жөнүндө «куш кабар» алчу болсо, ачуусун ичине жута берип, жүзү карарып чыгат
يَتَوَارَىٰ مِنَ الْقَوْمِ مِنْ سُوءِ مَا بُشِّرَ بِهِ ۚ أَيُمْسِكُهُ عَلَىٰ هُونٍ أَمْ يَدُسُّهُ فِي التُّرَابِ ۗ أَلَا سَاءَ مَا يَحْكُمُونَ
(Анан) “сүйүнчүнүн” жамандыгынан (арданып) эл көзүнөн жашынып жүрүшөт (жана) “кыз перзентти кордолгон абалда (болсо да) алып калуу керекпи, же болбосо топурак түбүнө (тирүүлөй) көмүп салуу керекпи?” (деп ойлонушат). Алардын өкүмдөрү кандай жаман

Choose other languages: