Quran Apps in many lanuages:

Surah An-Nahl Ayahs #35 Translated in Kyrgyz

جَنَّاتُ عَدْنٍ يَدْخُلُونَهَا تَجْرِي مِنْ تَحْتِهَا الْأَنْهَارُ ۖ لَهُمْ فِيهَا مَا يَشَاءُونَ ۚ كَذَٰلِكَ يَجْزِي اللَّهُ الْمُتَّقِينَ
«Адн» бейиштери! Алар түбүнөн дарыялар аккан ошол бактарга киришет. Анын ичинде көңүл күсөгөн бардык нерселер бар. Аллаһ такыба кишилерди мына ушинтип сыйлайт
الَّذِينَ تَتَوَفَّاهُمُ الْمَلَائِكَةُ طَيِّبِينَ ۙ يَقُولُونَ سَلَامٌ عَلَيْكُمُ ادْخُلُوا الْجَنَّةَ بِمَا كُنْتُمْ تَعْمَلُونَ
Такыба адамдардын (каапырчылыктан) таза жандарын периштелер алып жатканда: «Силерге салам (тынчтык) болсун! (жакшы) амалыңарга жараша, эми, Бейишке киргиле!» — дешет
هَلْ يَنْظُرُونَ إِلَّا أَنْ تَأْتِيَهُمُ الْمَلَائِكَةُ أَوْ يَأْتِيَ أَمْرُ رَبِّكَ ۚ كَذَٰلِكَ فَعَلَ الَّذِينَ مِنْ قَبْلِهِمْ ۚ وَمَا ظَلَمَهُمُ اللَّهُ وَلَٰكِنْ كَانُوا أَنْفُسَهُمْ يَظْلِمُونَ
(Ал эми, каапырлар) өздөрүнө (жан алгыч) периштелер же болбосо Раббиңдин буйругу (азабы) келишинен башка нерсени күтпөйт. Алардан мурдагы(каапыр)лар дагы ошондой (ширк) амалдарды жасаган(да баштарына азап түшкөн). Аларга Аллаһ зулумдук кылбады, бирок, өздөрүнө-өздөрү зулумдук кылышты
فَأَصَابَهُمْ سَيِّئَاتُ مَا عَمِلُوا وَحَاقَ بِهِمْ مَا كَانُوا بِهِ يَسْتَهْزِئُونَ
Аларга (жаман) иштеринин жаман акыбети жетти. Баштарына (ишенбеген жана) мыскылдаган нерселери (азап) түштү
وَقَالَ الَّذِينَ أَشْرَكُوا لَوْ شَاءَ اللَّهُ مَا عَبَدْنَا مِنْ دُونِهِ مِنْ شَيْءٍ نَحْنُ وَلَا آبَاؤُنَا وَلَا حَرَّمْنَا مِنْ دُونِهِ مِنْ شَيْءٍ ۚ كَذَٰلِكَ فَعَلَ الَّذِينَ مِنْ قَبْلِهِمْ ۚ فَهَلْ عَلَى الرُّسُلِ إِلَّا الْبَلَاغُ الْمُبِينُ
Мушриктер: «Эгер Аллаһ кааласа, биз Өзүнөн башка эч нерсеге ибадат кылбайт элек. Биз дагы, ата-бабаларыбыз дагы Анын (Аллаһтын өкүмү) болмоюнча эч нерсени (өзүбүзгө) арам кылган эмеспиз” - дешет.” Алардан мурдагы (каапыр)лар деле ушундай иш жасашкан. Пайгамбарлардын анык-таза жеткирүүдөн башка вазыйпасы жок

Choose other languages: