Quran Apps in many lanuages:

Surah An-Nahl Ayahs #22 Translated in Kyrgyz

وَإِنْ تَعُدُّوا نِعْمَةَ اللَّهِ لَا تُحْصُوهَا ۗ إِنَّ اللَّهَ لَغَفُورٌ رَحِيمٌ
Эгер Аллаһтын нээматтарын санасаңар, бүтүрө албайсыңар. Албетте, Аллаһ Кечирүүчү, Боорукер
وَاللَّهُ يَعْلَمُ مَا تُسِرُّونَ وَمَا تُعْلِنُونَ
Аллаһ силердин купуя жана ашкере жасаган (бардык) ишиңерди билет
وَالَّذِينَ يَدْعُونَ مِنْ دُونِ اللَّهِ لَا يَخْلُقُونَ شَيْئًا وَهُمْ يُخْلَقُونَ
Алар (мушриктер) дуба (ибадат) кылып жаткан Аллаһтан башка “кудайлары” эч нерсени жарата албайт, өздөрү жаратылган нерселер
أَمْوَاتٌ غَيْرُ أَحْيَاءٍ ۖ وَمَا يَشْعُرُونَ أَيَّانَ يُبْعَثُونَ
Алар (жасалма кудайлар) тирүү эмес, өлүк, (Мушриктердин) качан тирилишин (Кыямат убактысын) да билбейт
إِلَٰهُكُمْ إِلَٰهٌ وَاحِدٌ ۚ فَالَّذِينَ لَا يُؤْمِنُونَ بِالْآخِرَةِ قُلُوبُهُمْ مُنْكِرَةٌ وَهُمْ مُسْتَكْبِرُونَ
Силердин кудайыңар — жалгыз Кудай (Аллаһ). Ал эми, Акыретке ишенбеген адамдардын жүрөктөрү (бул ишенимге) каршы чыгуучу. Алар (Аллаһка баш ийүүдөн) текеберленишет

Choose other languages: