Quran Apps in many lanuages:

Surah An-Nahl Ayahs #128 Translated in Kyrgyz

ادْعُ إِلَىٰ سَبِيلِ رَبِّكَ بِالْحِكْمَةِ وَالْمَوْعِظَةِ الْحَسَنَةِ ۖ وَجَادِلْهُمْ بِالَّتِي هِيَ أَحْسَنُ ۚ إِنَّ رَبَّكَ هُوَ أَعْلَمُ بِمَنْ ضَلَّ عَنْ سَبِيلِهِ ۖ وَهُوَ أَعْلَمُ بِالْمُهْتَدِينَ
(О, Мухаммад!) Раббиңдин жолуна хикмат — даанышмандык жана үлгүлүү насааттар менен даават кыл жана алар (жүз бургандар) менен эң сонун (далилдүү) талаш жүргүз. Сенин Раббиң Өзүнүн жолунан адашып кеткендерди Билүүчү жана Ал Туура Жолго түшүүчүлөрдү да эң жакшы билет
وَإِنْ عَاقَبْتُمْ فَعَاقِبُوا بِمِثْلِ مَا عُوقِبْتُمْ بِهِ ۖ وَلَئِنْ صَبَرْتُمْ لَهُوَ خَيْرٌ لِلصَّابِرِينَ
(О, момундар!) Эгерде (силерге жаман сөз же жаман иш менен зыян жеткирген адамдардан) өч алчу болсоңор, өзүңөргө кандай зыян жеткен болсо, дал ошондой өч алгыла. Эгер (өч албай, кечирип) сабыр кылсаңар, бул сабыр кылуучулар үчүн жакшы
وَاصْبِرْ وَمَا صَبْرُكَ إِلَّا بِاللَّهِ ۚ وَلَا تَحْزَنْ عَلَيْهِمْ وَلَا تَكُ فِي ضَيْقٍ مِمَّا يَمْكُرُونَ
(О, Мухаммад) сабыр кыл! Сенин сабыр кылууң Аллаһтын жардамы менен гана болот. (Каапырлардын сага каршы) жасаган айлакерликтери себептүү капа болбо жана жүрөгүң кысылбасын
إِنَّ اللَّهَ مَعَ الَّذِينَ اتَّقَوْا وَالَّذِينَ هُمْ مُحْسِنُونَ
Албетте, Аллаһ такыбалар жана жакшылык кылуучулар менен

Choose other languages: