Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Qasas Ayahs #52 Translated in Kyrgyz

فَلَمَّا جَاءَهُمُ الْحَقُّ مِنْ عِنْدِنَا قَالُوا لَوْلَا أُوتِيَ مِثْلَ مَا أُوتِيَ مُوسَىٰ ۚ أَوَلَمْ يَكْفُرُوا بِمَا أُوتِيَ مُوسَىٰ مِنْ قَبْلُ ۖ قَالُوا سِحْرَانِ تَظَاهَرَا وَقَالُوا إِنَّا بِكُلٍّ كَافِرُونَ
Эми качан аларга (сен аркылуу) Биздин Акыйкатыбыз келгенде: «Кана эле, эгер бизге да Мусага берилген сыяктуу берилсе»! дешет. Алар мындан мурун Мусага берилген Тооратка да каапыр болушпады беле?! «Экөө (Кураан менен Тоорат) бири-бирине жардам берүүчү эки сыйкыр»-дешкен. Дагы айтышты: «Биз бардыгына ишенбейбиз!»
قُلْ فَأْتُوا بِكِتَابٍ مِنْ عِنْدِ اللَّهِ هُوَ أَهْدَىٰ مِنْهُمَا أَتَّبِعْهُ إِنْ كُنْتُمْ صَادِقِينَ
(Аларга) айт: «Анда өзүңөр Аллаһтын алдынан экөөсүнөн туурараак бир китеп алып келгиле, мен ошого ээрчийин, эгер чынчыл болсоңор»
فَإِنْ لَمْ يَسْتَجِيبُوا لَكَ فَاعْلَمْ أَنَّمَا يَتَّبِعُونَ أَهْوَاءَهُمْ ۚ وَمَنْ أَضَلُّ مِمَّنِ اتَّبَعَ هَوَاهُ بِغَيْرِ هُدًى مِنَ اللَّهِ ۚ إِنَّ اللَّهَ لَا يَهْدِي الْقَوْمَ الظَّالِمِينَ
Эгер сага жооп беришпесе, билгин, алар өз напси-каалоолоруна ээрчип жатышат. Аллаһ тарабынан келген Туура Жолго ээрчибей, өз напсинин каалосуна ээрчиген адамдардан көбүрөөк адашкан киши бар бекен?! Аллаһ, албетте заалым коомдорду Туура Жолго баштабайт
وَلَقَدْ وَصَّلْنَا لَهُمُ الْقَوْلَ لَعَلَّهُمْ يَتَذَكَّرُونَ
Биз Сөздү (Кураанды) аларга бирин-бирине улап (бөлүп-бөлүп, акырындык менен) жеткирдик. Кана эми акыл насаат алышса
الَّذِينَ آتَيْنَاهُمُ الْكِتَابَ مِنْ قَبْلِهِ هُمْ بِهِ يُؤْمِنُونَ
Кураандан мурун Биз Китеп (Тоорат жана Инжил) берген элдер ага (Кураанга) ыйман келтиришет

Choose other languages: