Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Qasas Ayahs #55 Translated in Kyrgyz

وَلَقَدْ وَصَّلْنَا لَهُمُ الْقَوْلَ لَعَلَّهُمْ يَتَذَكَّرُونَ
Биз Сөздү (Кураанды) аларга бирин-бирине улап (бөлүп-бөлүп, акырындык менен) жеткирдик. Кана эми акыл насаат алышса
الَّذِينَ آتَيْنَاهُمُ الْكِتَابَ مِنْ قَبْلِهِ هُمْ بِهِ يُؤْمِنُونَ
Кураандан мурун Биз Китеп (Тоорат жана Инжил) берген элдер ага (Кураанга) ыйман келтиришет
وَإِذَا يُتْلَىٰ عَلَيْهِمْ قَالُوا آمَنَّا بِهِ إِنَّهُ الْحَقُّ مِنْ رَبِّنَا إِنَّا كُنَّا مِنْ قَبْلِهِ مُسْلِمِينَ
Жана эгер аларга Кураан окуп берилчү болсо; «Биз буга ыйман келтирдик. Бул чынында Жаратканыбыздан келген Акыйкат. Биз мындан мурун да Аллаһка моюн сунуучу (мусулман) болгонбуз» дешти
أُولَٰئِكَ يُؤْتَوْنَ أَجْرَهُمْ مَرَّتَيْنِ بِمَا صَبَرُوا وَيَدْرَءُونَ بِالْحَسَنَةِ السَّيِّئَةَ وَمِمَّا رَزَقْنَاهُمْ يُنْفِقُونَ
Алар эки эсе сооп ала турган адамдар. Себеби, алар сабыр кылышты, күнөө иштерди сооп иштер менен өчүрүп турушту жана Биз ырыскы кылып берген нерселерден ихсан кылышты
وَإِذَا سَمِعُوا اللَّغْوَ أَعْرَضُوا عَنْهُ وَقَالُوا لَنَا أَعْمَالُنَا وَلَكُمْ أَعْمَالُكُمْ سَلَامٌ عَلَيْكُمْ لَا نَبْتَغِي الْجَاهِلِينَ
Жана пайдасыз сөздөрдү укканда, ага көңүл бурушпай: «Бизге өз ишибиз, силерге өз ишиңер. Силерге салам болсун! Жана Биз наадандардан болууну каалабайбыз» дешти

Choose other languages: