Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Qasas Ayahs #35 Translated in Kyrgyz

وَأَنْ أَلْقِ عَصَاكَ ۖ فَلَمَّا رَآهَا تَهْتَزُّ كَأَنَّهَا جَانٌّ وَلَّىٰ مُدْبِرًا وَلَمْ يُعَقِّبْ ۚ يَا مُوسَىٰ أَقْبِلْ وَلَا تَخَفْ ۖ إِنَّكَ مِنَ الْآمِنِينَ
Аса-таягыңды (жерге) ташта! (Таштаганда анын) чоң эркек жылан сүрөтүндө ийрелеңдеп турганын көрүп, аркасына карабай качып жөнөдү. «О, Муса! Кайт! Жана коркпогун. Сен амандыкта болосуң
اسْلُكْ يَدَكَ فِي جَيْبِكَ تَخْرُجْ بَيْضَاءَ مِنْ غَيْرِ سُوءٍ وَاضْمُمْ إِلَيْكَ جَنَاحَكَ مِنَ الرَّهْبِ ۖ فَذَانِكَ بُرْهَانَانِ مِنْ رَبِّكَ إِلَىٰ فِرْعَوْنَ وَمَلَئِهِ ۚ إِنَّهُمْ كَانُوا قَوْمًا فَاسِقِينَ
Колуңду жакаңа (колтугуңа) сал, ал эч бир жамандыксыз (ала оорусуна окшобогон) ап-апак болуп чыгат. Канатыңды (эки колуңду) коркуудан өзүңө (колтугуңа) кысып ал.! Ушул экөө (аса-таяк менен ак-нурдуу кол) Фираун жана анын (каапыр) элине (аларды ишендирүү үчүн) Раббиң тарабынан (сага берилген) далилдер». Чынында, алар бузулган адамдар
قَالَ رَبِّ إِنِّي قَتَلْتُ مِنْهُمْ نَفْسًا فَأَخَافُ أَنْ يَقْتُلُونِ
(Муса) айтты: «О, Раббим! Мен алардан бир жанды өлтүрүп койгонмун. Эми мени да өлтүрүп коюууларынан коркомун
وَأَخِي هَارُونُ هُوَ أَفْصَحُ مِنِّي لِسَانًا فَأَرْسِلْهُ مَعِيَ رِدْءًا يُصَدِّقُنِي ۖ إِنِّي أَخَافُ أَنْ يُكَذِّبُونِ
Жана менин биртууганым Харун, ал менден тагыраак сүйлөйт. Аны мага жардамчы-пайгамбар кылып бер. Мени тастыктап турат. (Болбосо,) алар мага ишенбей коюшат деп ойлоймун»
قَالَ سَنَشُدُّ عَضُدَكَ بِأَخِيكَ وَنَجْعَلُ لَكُمَا سُلْطَانًا فَلَا يَصِلُونَ إِلَيْكُمَا ۚ بِآيَاتِنَا أَنْتُمَا وَمَنِ اتَّبَعَكُمَا الْغَالِبُونَ
(Аллаһ) айтты: «Биз сени биртууганың менен кубаттандырабыз жана экөөңө ушундай бийлик беребиз, алар экөөңө жете албай калышат. Биздин аяттарыбыз менен сен экөөң жана экөөңө ээрчигендер жеңүүчү болосуңар»

Choose other languages: